Башкы Жаңылыктар Бир мандаттуу Сузак шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын …

Бир мандаттуу Сузак шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери башталды

02-Сен, 2024

2024-жылдын 2-сентябрында №13 Сузак шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.

Бүгүн, 2-сентябрында шайлоо өнөктүгүнүн эң активдүү этапы башталды – шайлоо алдындагы агитация. Ал 2024-жылдын 21-сентябрында саат 8.00дө аяктайт.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 15 талапкер катышуу ниети тууралуу арыз берип, 5 талапкер катышуудан баш тартты, бир талапкердин каттоосу канааттандырылган жок.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 9 талапкер катталды, анын ичинен 2 аял.

Белгилей кетсек, Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябры, жекшембиге белгиленген.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:

• Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

• Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;

• басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

• Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Шайлоого 9 талапкер катталды. Талапкерлердин тизмеси төмөнкү шилтемеде: https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/okrg_candidate/1700/39

Талапкерлер жана алардын программалары тууралуу толук маалыматты "Талапкер" сайтынан таанышсаңыздар болот: http://talapker.shailoo.gov.kg/

Шайлоочулар жана талапкерлер БШКнын башка маалымат ресурстарынан да керектүү маалыматты ала алышат:

- “Тизме” мамлекеттик порталы (https://tizme.gov.kg/), ал шайлоочулардын учурдагы тизмеси менен шайлоо участкалары боюнча таанышууга мүмкүндүк берет;

- "Шайлоо участкалары жана округдары" географиялык маалымат системасы (https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map),

- БШКнын маалыматтарынын жана кол менен эсептөөнүн негизинде шайлоочулардын катышуусун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын карап чыгуу үчүн шайлоо маалыматтык системасы (https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home),

- “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ачык маалыматтары” веб-ресурсу (https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/), анын ичинде шайлоолор жана референдумдар боюнча статистика.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>