Кыргызстандын өкүлдөрү Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого мониторингине катышууда

01 сентября 2024

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү 2024-жылдын 1-сентябрында өтүүчү Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторинге катышууда.

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү - делегациянын башында БШК төрагасынын орун басары Н.Койчукеев, БШК мүчөлөрү А.Дубанбаева, А.Жумалиева, А.Кубатбеков КМШ, ШКУ жана ТМУ байкоочу миссияларынын курамында катышууда.

Эл аралык байкоочулар үчүн брифингде Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы М.Панахов Милли Межлиске мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык байкоочулардын катышуусу жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрүнүн катышуусу боюнча маалымат берди. .

Шайлоо 125 шайлоо округундагы 6478 шайлоо участогунда өткөрүлөт. Шайлоого катышуу үчүн тизмеге 6 миллион 421 миң 73 шайлоочу киргизилген.

Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин шайлоосуна депутаттыкка 990 талапкер катталган. Алар парламенттеги 125 орун үчүн ат салышат. 2020-жылдын февраль айында өткөн Милли Межлиске болгон акыркы шайлоодо атаандаштык жогору болгон – анда депутаттык орун үчүн 1341 талапкер ат салышкан.

БШК башчысы шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүнө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү үчүн 119 шайлоо округундагы 1000 шайлоо участогуна веб-камералар орнотулганын кошумчалады.

Шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу үчүн 69 өлкөдөн жана 51 эл аралык уюмдардан 600дөн ашык эл аралык байкоочулар аккредитацияланган.

Байкоочулар шайлоо участокторун кыдырып, добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышат, ошондой эле добуштарды эсептѳѳгѳ байкоо жүргүзүшөт.

 

Маалымат үчүн:

2024-жылдын 28-июнунда Президенттин буйругу менен Милли Межлистин VI чакырылышы таркатылган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 1-сентябрына белгиленген. Бул шайлоо кѳз карандысыз Азербайжандын тарыхында Азербайжандын бүткүл эгемен аймагында өткөрүлгөн биринчи шайлоо болот.