Башкы Жаңылыктар Аймактарда административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы …

Аймактарда административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйындар өтүүдө

16-Авг, 2024

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Н.Шайлдабекова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен административдик-аймактык реформанын (мындан ары - ААР) алкагында шаарларда жана айыл аймактарында алдыдагы кеңештерди шайлоону эске алуу менен мыйзамдарды ишке ашыруунун милдеттери боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Насиров М.Ж., айыл өкмөт башчылары: Алтын Арашан а/а - Кулетов Э.М., Каракол а/а - Эмил у. А., Кадыр аке а/а - Кобонбаев Т.Ш., Хан-Теңири а/а - Бараканов С.К., айыл аксакалдары (айыл башчылары), калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлү - Джантаева Э.Н., жер ресурстары башкармалыгынан - Жаркынбаев С.М., райондук статистика бөлүмүнөн - Турсункожоев Н.К., ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы З.Р. Хан катышты.
Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон жана 2024-жылдын 2-августунан тартып күчүнө кирген мыйзамда бекемделген.
Республика боюнча мыйзамда шаарларды ирилештирүү жана айыл аймактарын бириктирүү каралган. Каралып жаткан өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 484 административдик-аймактык бирдиктин ордуна 268 административдик-аймактык бирдик: 33 шаар жана 235 айыл аймагы түзүлдү.
Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүштү жалпы өзгөртүү кеңештерди таратууга жана жаңы жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоого негиз болуп саналат.
БШК мурда маалымдагандай, сентябрь айында кеңештердин тарашы күтүлүүдө, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети калкты каттоо, жерге жайгаштыруу (кадастр) жана статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдарга калкты каттоо тутумдарына, административдик-аймактык чек араларга, даректик реестрге ААРге байланыштуу бардык зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылган.
БШК жана АШК өз кезегинде жергиликтүү мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдыдагы айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн айылдык аймактарды бириктирүүнү жана шаарларды бириктирүүнү эске алуу менен шайлоо округдарын түзүү маселелерин координациялайт.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу менен түзүлөт.
Шайлоо округдары калкты каттоо, жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлөт.
Шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештерге мандаттардын санын аныктоонун эрежелерин жана шайлоо округдарын түзүүнүн эрежелерин жер-жерлерде түшүндүрөт:

1. Жергиликтүү кеңештердин сандык курамы Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерин кошпогондо, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын санын эске алуу менен белгиленет. Тактап айтканда:
1) Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештери - 45 депутат;
2) шаардык жана айылдык кеңештер:
• административдик-аймактык бирдикте 6000ге чейин калкка – 11 депутат,
• 6001ден 20000ге чейин – 21 депутат,
• 20 001 жана андан жогору – 31 депутат.
(«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренеси)
2. Шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектеш эмес аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт;
3. Шайлоо округдарын түзүүдө шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 15 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги.

("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 10-беренеси)
Ак-Суу районунда ААРга чейин 14 айыл аймагы болсо, ААРнын жыйынтыгында алар 4 айыл аймагына бириктирилген:
1. Тепке, Каракол жана Отрадное аймактары Каракол айылдык кеңешине бириктирилди. Эгерде мурда ар бир айылдык кеңеште 11 депутат болсо, эми бириккен кеңеште 21 депутат болот;
2. Хан-Теңири айылдык кеңешине Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук жана Жыргалаң аймактары бириктирилип, депутаттардын саны - 21;
3. Кереге-Таш, Эңилчек жана Теплоключенка аймактары Кадыр Аке айылдык кеңешине бириктирилип, депутаттардын саны – 31;
4. Октябрь, Кара-Жал жана Бөрү-Баш аймактары Алтын Арашан айылдык кеңешине биригип, депутаттардын саны – 21.
Челпек айыл аймагы Каракол шаары менен бириккен.
Учурда Ак-Суу районунда калктын саны 75 миң 132, шайлоочулардын саны (18 жаштан жогору) 45 миң 81 жаранды түзөт.
Ага ылайык, район боюнча реформага чейинки 214 мандаттын ордуна жалпысынан 94 депутаттын келиши күтүлүүдө. Ошол эле учурда мандаттын 30% кем эмеси аял депутаттар үчүн сакталат.
Мурда 35 көп мандаттуу округ түзүлүп, азыр жаңы административдик-аймактык бирдиктерди эске алуу менен шайлоо округдарынын санын жана схемаларын кайра аныктоо зарыл.
Н.Шайлдабекова мыйзам талаптарын сактоо менен айылдык кеңештерде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн тең укуктуу өкүлчүлүгүн камсыз кылууну өзгөчө белгиледи.
Райондор үчүн даярдык иштеринин биринчи этабы 2024-жылдын август айынын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө. Биринчи этаптын алкагында алдын ала округдарды түзүүнүн жүрүшүндө айылдардын кеңештерде өкүлчүлүгүн оптималдуу камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүшү керек.
Түзүлгөн шайлоо округдары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Жолугушууларда көптөгөн суроолор айтылып, ошондой эле Ак-Суу районунун тандалган аймактарында учкучсуз дрондорду колдонуу менен техникаларды өткөрүү уюштурула турганы айтылды.
ААР алкагында чек аралар өзгөргөндөн кийин шайлоону даярдоого байланыштуу маселелер боюнча жумушчу кеңешмелер республиканын бардык райондорунда 3 күндүк мөөнөттө өткөрүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын - кеңештерди оптималдаштыруу аткаруу бийлик органдары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен бирге жүргүзүлөт.
Төрайым ААР жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар келечекте региондорду өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн жигердүү натыйжаларды жана перспективаларды алып келет деген ишенимин билдирди.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>