Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым эрежелер өзгөртүлдү

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым эрежелер өзгөртүлдү

11-Авг, 2024

 

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 2-августунда «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлуп, ал расмий жарыяланып 2024-жылдын 6-августунан тартып күчүнө кирди.

 Кабыл алынган Мыйзам менен шайлоону өткөрүүнүн негизги тартибин өзгөртүү каралган эмес: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорциялуу система боюнча – партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аркылуу, ал эми айылдык кеңештерде шайлоо – көп мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун айрым эрежелерине өзгөртүү киргизилди:

 - шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу 7% дан 5% га чейин төмөндөтүлдү ;

 - талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө партиялар кеңештеги мандаттардын санына барабар сандагы талапкерлерди көрсөтүшөт (мурда бир жарым эсе көп болгон);

 - айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды (мурда күрөөнүн суммасы 1000 сом болчу);

 - майыптыгы бар адамдардын активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдери кеңейтилет. Алсак, 49-берененин 7-бөлүгү саясий партияларды шаардык кеңештерге саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин түзүүдө 1ден кем эмес ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген талапкерди киргизүүгө милдеттендирген пункт менен толукталган; майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүнө конкреттүү талаптар белгиленген;

- ар бир участокто шайлоочулардын максималдуу саны 2500дөн 3000ге чейин көбөйтүлдү;

- административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестигине карата талаптар күчөтүлдү. Алсак, 17-1-беренеде талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөшүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартууга жол берилбеген адамдардын тизмесине аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери кошулган;

- шайлоого катышуу бөлүгүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына көрсөтүлгөн кызматта турган талапкерлерге карата талаптар күчөтүлдү. Алсак, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниети болгон учурда ким убактылуу, ал эми ким ыйгарым укуктарын толугу менен токтото турганы боюнча чектөө киргизилди. Атап айтканда, шайлоого катышкан учурда депутаттарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер, 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык ишкананын,  юридикалык жактын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери ыйгарым укуктарын толугу менен токтотушат;

- талапкерлер жана партиялар, эгерде алар үчүн берилген добуштар шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуунун натыйжасында жараксыз деп табылса, анда кийинки шайлоолорго катышууга укуксуз экендиги белгиленип, мындай учурларда партия тарабынан киргизилген шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт;

 - санариптештирүүгө байланыштуу айрым жол-жоболор такталды
- шайлоочуларды идентификациялоо электрондук документтерди пайдалануу менен ишке ашырылышы мүмкүн, талапкерлер жөнүндө бардык маалыматтар БШКга электрондук түрдө берилет, талапкерлердин жана саясий партиялардын соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкаттарды берүүсү боюнча талаптар алынып салынды.

Мында талапкерлердин соттуулугунун жоктугун текшерүү ж. б. ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын жана мамлекеттик органдар тарабынан тастыктоонун атайын формаларын колдонуу менен ишке ашырылат, бул талапкерлердин мыйзамдарга ылайык келишин текшерүүнүн жүрүшүндө маалыматтар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга алып келеши керек;

- аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча (мурда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен) шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгышат;

Ошондой эле, округдарды аныктоо шайлоо күнү белгиленгенден кийин 3 календардык күндөн кечиктирибестен калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылары такталды;

- 32-1-берене менен шайлоону өткөрүүдө аралыктан же электрондук добуш берүүнү колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бирок, ошол эле учурда аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоону дайындоодо кабыл алынат.

Ошондой эле, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жол-жоболоруна бир катар тактоолор каралган.

Мурда маалымдалгандай, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы менен 2024-жылдын ноябрь айына дайындалышы болжолдонууда.

 

КР БШКнын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>