Башкы Жаңылыктар №13 Сузак шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын …

№13 Сузак шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын 22-августунда аяктайт

25-Июл, 2024

2024-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №13 Сузак шайлоо округу боюнча депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календардык планын бекитти.

 

Шайлоо күнү – жекшемби 2024-жылдын 22-сентябры

 

№

Аткаруу мөөнөтү

Иш-чаралардын мазмуну

Эскертүү

Шайлоочулардын тизмеси

  1.  

2024-жылдын

31-июлуна чейин

Округдар, участоктор боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштыруу

(конституциялык Мыйзам, 14-бер. 4-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

6-августуна чейин

УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 1-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

2-сентябрына чейин

Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 4-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

31-июлдан

11-сентябрына  чейин (кошуп алганда)

Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) кабыл алуу

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 2-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

17-сентябрына  чейин

УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин илүү

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 5-бөл.)

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

  1.  

2024-жылдын

22-августуна чейин (кошуп алганда)

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү

(конституциялык Мыйзам, 601-бер. 1-бөл.)

  1.  

Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен

(2024-жылдын

25-августа, саат 18:00гө чейин)

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү документтерди берүүсү

 

конституциялык Мыйзамдын 61-бер.

11-бөл.

  1.  

2024-жылдын

2-сентябрына  чейин

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо

(конституциялык Мыйзам, 61-бер. 5-бөл.)

Шайлоо алдындагы үгүт

  1.  

2024-жылдын

2-сентябрынан тартып

21-сентябры

саат 08:00гө чейин

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

(конституциялык Мыйзам, 23-бер. 1-бөл.

Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

  1.  

2024-жылдын

5-сентябрына чейин

Шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү

(конституциялык Мыйзам, 30-бер. 2-бөл.

  1.  

2024-жылдын

17-сентябрына  чейин

Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо

(конституциялык Мыйзам, 30-бер., 8-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

19-сентябрына  чейин

Шайлоо бюллетендерин округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

(конституциялык Мыйзам, 30-бер. 9-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

21-сентябрына  чейин

Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

(конституциялык Мыйзам, 30-бер. 9-бөл.)

Добуш берүү тартиби

  1.  

2024-жылдын             21-сентябрь, саат 8.00дөн 20.00гө чейин

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү

(конституциялык Мыйзам, 33-бер. 2-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

22-сентябры, саат 8.00дөн 20.00гө чейин

Добуш берүүнү өткөрүү

(конституциялык Мыйзам, 31-бер. 1-бөл.)

Шайлоонун натыйжаларын аныктоо

  1.  

2024-жылдын

5-октябрына чейин

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

(конституциялык Мыйзам, 37-бер. 1-бөл.)

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>