Башкы Жаңылыктар АЙМАКТАР ФОРУМУ – 2024: Аялдар – жергиликтүү өз …

АЙМАКТАР ФОРУМУ – 2024: Аялдар – жергиликтүү өз алдынча башкарууну өзгөртүүнүн демилгечилери

15-Июл, 2024

2024-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - КР БШК) жыл сайын өтүүчү «Аймактар форуму – 2024» ишине катышты. Быйылкы форум аймактардагы аялдардын лидерлиги темасына арналды.

Форумга Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдук уюмдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн 150дөн ашык өкүлдөрү катышты.

Аймактар форуму – бул ачык аянтча, өз ишиңдин жыйынтыгын чыгарчу жер. Аялдардын квотасы биринчи жолу колдонулган система боюнча шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын биринчи мөөнөтү жакында аяктайт. Белгилей кетсек, депутат айымдар жергиликтүү бюджеттен социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө каражат бөлүү, балдар үчүн аянтчаларды, бала бакчаларды ачууга көмөк көрсөтүү аркылуу өздөрүнүн жергиликтүү коомунун өнүгүшүнө, жергиликтүү аялдардын сергек жашоо образын бекемдөөгө жана башка көптөгөн нерселерге таасирин тийгизип, салым кошо аларын далилдеп, жыйынтык көрсөтө алышты.

Форумдун алкагында катышуучулар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдарга киргизилген жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн 4 жылдан 5 жылга чейин көбөйтүү, шайлоо босогосун 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү, айылдык кеңештерге талапкерлердин шайлоо күрөөсүн жоюу ж.б.соңку өзгөртүүлөр менен таанышты.

КР БШК 30% аялдар квотасын кабыл алууда жана ишке ашырууда мамлекет башчысынынжана Жогорку Кеңештин колдоосун жана жарандык коомдун ролун белгилеп, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Өнүктүрүү саясатыинститутуна, Борбордук Азиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясына, Аялдарды колдоо борборуна, USAID жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргѳ шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ар кайсы айыл аймактарынан келген лидер аялдар жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын лидерлери катары өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар үздѳрүнүн тажрыйбалары жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу жѳнүндѳ айтып беришти.

Ошондой эле форумда «Борбор Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясы» институту тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү «Жергиликтүү кеңештердин депутаттары аракетте» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. КР БШК бул сынактын уюштуруучуларынын бири болуп саналат.

Сынактын тѳмѳндѳгү жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланышып, ыраазычылык жарыяланды:

Ормонова Авазкан Чынбердиевна, Жоош АК, Ош облусу, Кара-Суу району;

Жанболотова Гүлмайрам Карабаевна, Нариман АК, Ош облусу, Кара-Суу району;

Султанбаева Роза Низамидиновна, Катты-Талдык АК депутаты, Ош облусу, Кара-Суу району;

Чолпонкулова Гүлназ Жыналыевна, Бүргөндү-Достук АК депутаты, Жалал-Абад облусу, Ноокен району,;

Белекова Рана Мусаевна, Болот Мамбетов А.К., Ысык-Көл облусу, Тоң району;

Курманбаева Жумагул, Кочкор (Ормон-Хан) АК депутаты, Нарын облусу, Кочкор району;

Жумалиева Жазгүл Кеңешовна, Кара-Суу АК депутаты, Нарын облусу, Кочкор району;

Салимбекова Сапаргул Абдулатиповна, Жаңы-Жер АК депутаты, Баткен облусу, Лейлек району.

 

.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>