7-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Салымбеков Жумабек Мамытбаевичти №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттады.
№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнунда өттү.
2024-жылдын 4-июлунда БШКнын №75 токтому менен №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.
Ж. Салымбековго белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
