Башкы Жаңылыктар БШК №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин …

БШК №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктап, Марипов Бакытбек Асамидиновичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды

05-Июл, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 5-июлунда №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктады.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 54 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 91 057 шайлоочу киргизилген.

№5 Нолокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 14 талапкер катышты.

 

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тобунан келип түшкөн арыздын негизинде КР БШКнын 2024-жылдын 3-июлундагы № 242 чечими менен 5 шайлоо участогунда добуштарды кайра саноону өткөрүү чечими кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.Д.Наспекованын катышуусу менен 2024-жылдын 4-июлунда добуштарды кайра саноо жүргүзүлгѳн, жыйынтыгында участкалык шайлоо комиссияларынын добуштарын кайра саноонун протоколдорунун маалыматтары боюнча, көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жана натыйжалары өзгөргөн жок.

Ушуга байланыштуу 2024-жылдын 4-июлунда Ноокат округдук шайлоо комиссиясы 5 шайлоо участогунда кайра саноодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду эске алуу менен, №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө 26 арыз жана даттануулар келип түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко – 14, ЫЧКТга -11, Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобуна - 1).

БШКда КР ИИМдин, Ноокат районунун ички иштер башкармалыгынын, Ноокат районунун прокуратурасынын ѳкүлдѳрүнүн маалыматтары угулду. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги боюнча каралбай калган материалдар жок.

Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдер №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдөгү даттануулардын жана бузуулардын реестринде чагылдырылган. Даттануулар жана арыздар тууралуу маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-dep-zhk-kr-30-iyunya-2024/

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 5-июлундагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунда добуш берүүгө 25 701 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 28.23% ын түздү.

Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй добуштарды алышты:

 

1. Дуванаева Гулнара Качыбековна– 360 добуш (1,40%);

2. Марипов Бакытбек Асамидинович– 11 596 добуш (45,12%);

3. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович– 4759 добуш (18,52%);

4. Ажикулов Бакытбек Турсуналиевич– 627 добуш (2,44%)

5. Толонбаев Санжарбек– 1785 добуш (6,95%);

6. Кудайбердиев Элдар Абдималикович - 2222 добуш (8,65%);

7. Айдосов Айболот Абдурахманович - 511 добуш (1,99%);

8. Абдикеримов Каныбек Айдарович- 158 добуш (0,61%);

9. Кыланов Касымбек Омурбекович - 3308 добуш (12,87%);

10. Баарына каршы” позициясы үчүн 101 шайлоочу добуш берди (0,39%).

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 5-июлундагы протоколунун негизинде, ошондой эле укук коргоо органдарынын маалыматтарын эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:

- №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө;

- Марипов Бакытбек Асамидиновичти №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>