КР БШКнын 2024-жылы 5 - июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

05 июля 2024

Өткөрүү датасы: 05-июль 2024-ж.

Убактысы:15-00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө ыкчам чара көрүү координациялык тобунун маалыматы жана БШКга келип түшкөн бузуулар боюнча арыздарды жана даттанууларды кароо, маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун маалыматы жөнүндө

(баяндамачы – Шайназаров Т.У., тораганын орун басары, ЫКЧТ координатору)

2. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу

(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Каракол, Балыкчы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

4. Ар кандай маселелер