Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча …

Борбордук шайлоо комиссиясы №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктап, Салымбеков Жумабек Мамытбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды

04-Июл, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 4-июлунда №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктады.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 60 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 122 975 шайлоочу киргизилген.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 5 талапкер катышты.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө 16 арыз жана даттануулар түшкөн (Шайлоочулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топко – 7, ЫЧКТга -9).

Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдер №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдөгү даттануулардын жана бузуулардын реестринде чагылдырылган.

Даттануулар жана арыздар тууралуу маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-dep-zhk-kr-30-iyunya-2024/

БШКда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер органдарынын, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын өкүлдөрүнүн шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн билдирүүлөр жана маалыматтар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтары угулду. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү мыйзам бузуулар жана/же мындай бузууларга талапкерлердин катыштыгы бар экендиги боюнча каралбай калган материалдар жок.

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколуна ылайык, 2024-жылдын 30-июнунда добуш берүүгө 16 425 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 13,36%ын түздү.

Талапкерлер төмөнкүдөй добуштарды алышты:

  1. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич – 10623 добуш (64,68%);

  2. Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдыевич – 780 добуш (4,75%);

  3. Турпанов Милан Калыбекович – 131 добуш (0,80%);

  4. Карамушкина Ирина Юрьевна – 1930 добуш (11,75%)

  5. Алмаз уулу Аскар – 2461 добуш (14,98%);

  6. “Баарына каршы” позициясы үчүн 376 шайлоочу добуш берди (2,29%).

№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 3-июлундагы протоколунун негизинде, ошондой эле укук коргоо органдарынын маалыматтарын эске алуу менен , Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:

- №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө;

- Салымбеков Жумабек Мамытбаевичти №29 Сверлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>