Башкы Жаңылыктар Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку …

Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары- 2024-жылдын 30-июнунда саат 20:40ка карата 175 участоктун 173нөн (98,8%) алынган АЭУ маалыматтары боюнча

30-Июн, 2024

 

№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү аяктады. Саат 20:40 карата 173 (же 98,8%) шайлоо участогунан автоматташтырылган эсептөочү урналарынан маалыматтар келип түштү. АЭУнун маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бардык шайлоо участкаларында добуштарды милдеттүү түрдө кол менен саноо жүргүзүлөт, анын негизинде шайлоо участкалары боюнча жана жалпысынан округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылат.

№

Округтун аталышы

Шайлоочулардын саны

Добуш бергендердин саны

%

бардыгы

311363

63842

20,50%

1

№5 Ноокат округу

91057

25611

28,13%

2

№29 Свердлов округу

122975

16424

13,36%

3

№36 Ысык-Көл округу

97331

21807

22,40%

Саат 20.40ка карата АЭУ маалыматтары боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары төмөнкүдөй:

            №5 Ноокат шайлоо округу боюнча – 54 участоктун 52 участкасынан (96,30%):

*№5487, №5488 УШКсынын маалыматын эске албаганда (алыскы участоктор).

 

Шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын саны

91057

 

 

Добуш берген шайлоочулардын жалпы саны

25611

28,13%

 

Талапкерлер алган добуштардын саны

  1.  

Дуванаева Гулнара Качыбековна

360

1,41%

  1.  

Марипов Бакытбек Асамидинович

11523

44,99%

  1.  

Абдивалиев Артыкбай Турабидинович

4754

18,56%

  1.  

Ажикулов Бакытбек Турсуналиевич

627

2,45%

  1.  

Толонбаев Санжарбек

1774

6,93%

  1.  

Кудайбердиев Элдар Абдималикович

2221

8,67%

  1.  

Айдосов Айболот Абдурахманович

511

2,00%

  1.  

Абдикеримов Каныбек Айдарович

158

0,62%

  1.  

Кыланов Касымбек Омурбекович

3308

12,92%

  1.  

Баарына каршы

101

0,39%

 

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча – 60 участкасынан (100%):

 

 

Шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын саны

122975

 

 

Добуш берген шайлоочулардын жалпы саны

16424

13,36%

 

Талапкерлер алган добуштардын саны

  1.  

Салымбеков Жумабек Мамытбаевич

10611

64,61%

  1.  

Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдыевич

777

4,73%

  1.  

Турпанов Милан Калыбекович

131

0,80%

  1.  

Карамушкина Ирина Юрьевна

1928

11,74%

  1.  

Алмаз уулу Аскар

2457

14,96%

6.

Баарына каршы

374

2,28%

 

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча – 61 участкасынан (100%):

 

 

Шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын саны

97331

 

 

Добуш берген шайлоочулардын жалпы саны

21807

22,40%

 

Талапкерлер алган добуштардын саны

  1.  

Турсунакунов Сулайман Сагынбекович

174

0,80%

  1.  

Искаков Эртай Дуйшобекович

1696

7,78%

  1.  

Момбеков Бактыбек Карыпович

1192

5,47%

  1.  

Мазымканов Атабек Дюшенович

177

0,81%

  1.  

Сартманов Мухтар Аликович

2055

9,42%

6.

Есенгулов Руслан Урустанбекович

2692

12,34%

7.

Тукунов Аманат Шакирбекович

881

4,04%

8.

Усенгазиев Темирболот Усенгазиевич

2659

12,19

9.

Турусбеков Бактыбек Сагындыкович

2803

12,85

10.

Тентимишев Султан Таалайбекович

1153

5,29

11.

Мукамбетов Джакшылык Мамбетказиевич

486

2,23

12.

Асипов Самат Баялиевич

998

4,58

13.

Кадыров Кубанычбек Бекбосунович

806

3,70

14.

Тыналиев Айжигит Казакбаевич

3498

16,04

15.

Баарына каршы

386

1,77

 

Ар бир шайлоо участогу тууралуу Маалыматтык шайлоо системасы аркылуу https://newess.shailoo.gov.kg/ толук маалымат алууга болот.

 

БШКнын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>