Башкы Жаңылыктар Үч округда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо: шайлоо участкаларынын …

Үч округда Жогорку  Кеңештин депутаттарын шайлоо: шайлоо участкаларынын 90% пандустар менен жабдылган

30-Июн, 2024

       

         Бүгүн, 2024-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Койчукеев шайлоочулардын активдүүлүгү, ошондой эле майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

         Республика боюнча жалпысынан 18 541 мүмкүнчүлүгү чектелген  шайлоочу бар. Керектөөлөр картасына ылайык, үч шайлоо округунда мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын саны 1412 адамды түздү. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн үч округда  жалпысынан 175 шайлоо участкасы  ачылган.

         Шайлоо округдары боюнча майыптыгы бар  шайлоочулардын саны:

         - № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча –   1243 шайлоочу;

         - № 5 Ноокат шайлоо округу боюнча – 88 майыптыгы бар шайлоочу;

         - №36 Ысык-Көл шайлоо округунда 81 майыптыгы бар шайлоочу.       175 шайлоо участогунун 157си пандустар менен жабдылган, бул 90% түзөт. 15 шайлоо участогуна пандус орнотуунун зарылчылыгы жок.

         Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде добуш берүү үчүн жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана майыптыгы бар  жарандарга жардам көрсөтүүнүн атайын каражаттары менен жабдуу боюнча системалуу саясатты ишке ашырууда.

         Белгилей кетсек, ар бир шайлоо участогу добуш берүү үчүн атайын кабина, лупа, трафареттер, шайлоо участогуна кире бериште чакыруу кнопкасы менен камсыздалган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга маалымат берүү үчүн Брайль шрифти аркылуу маалымат плакаттары даярдалды.

         Добуш берүүчү кабиналардын биринде туурасы 40тан кем эмес, тереңдиги 30 см. кем эмес шайлоо бюллетенин толтуруу үчүн полдун деңгээлинен 75 см.  ашпаган бийиктикте жайгашкан орун (стол, текче, стенд ж.б.) жабдылат.

         Майыптыгы бар жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу прокурордук көзөмөлдүн предмети болуп саналат.

         Үгүт материалдарынын жеткиликтүүлүгү үчүн шарттар түзүлдү: депутаттыкка талапкерлер үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитр аркылуу окууга оңой болгон чоңойтулган шрифтте басылган, ошондой эле Брайль шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга үгүт материалдарынын жалпы тиражынын бир пайызынан кем эмес өлчөмдө басып чыгарууга жана жайылтууга милдеттүү.  

         Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, активдүү шайлоо укугуна ээ, оорулардын, жаракаттардын кесепеттеринен же угуунун, көрүүнүн жана таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушунан улам келип чыккан ден соолугунун бузулушу менен ооруган Кыргыз Республикасынын жарандары майыптыгы бар  шайлоочулар болуп саналат. Ушуларды эске алуу менен майыптыгы бар  жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максатында  мамлекет алардын укуктарын ишке ашыруу үчүн атайын уюштуруучулук жана маалыматтык шарттарды түзөт.

 Маалымат иретинде: Орун-жайдан тышкары  добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн арыз менен үч округ боюнча участкалык шайлоо комиссияларына 993 шайлоочу кайрылса, анын 178и майыптыгы бар  шайлоочулар болуп саналат. Майыптыгы  бар  178 жарандын 175и добуш берди.

-

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>