Башкы Жаңылыктар Үч шайлоо округдарында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо …

Үч шайлоо округдарында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталды

30-Июн, 2024

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары менен 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт:

Бүгүн үч бир мандаттуу шайлоо округдарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары шайланат, алардын шайлоосу 2021-жылдагы шайлоодо колдонулган эрежелер боюнча өткөрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер Жогорку Кеңештин шайланган депутаты болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү үчүн үч шайлоо округдарында 175 шайлоо участогу ачылып, 2214 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.

Саат 08.00дон кечки саат 20.00гө чейин добуш берүү улантылат.

Үч шайлоо округу боюнча биротоло шайлоочулардын тизмесине 311 363 шайлоочу киргизилген. Добуш берүү үчүн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортунун бардык түрлөрүн, ошондой эле «Түндүк» уюлдук тиркемесинде ишке ашырылган электрондук документти (паспорт) колдоно аларын эскертебиз.

Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 2021-жылга (275 148 шайлоочу) салыштырмалуу  36 488 шайлоочуга өсүп 11,71% түздү.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча 54-шайлоо участкасы ачылып, 91 057 шайлоочу шайлоочулардын тизмесине киргизилди, 2021-жылга салыштырмалуу 9 155 (10%) шайлоочуга өстү.

Шайлоодо 9 талапкер катышууда, анын ичинен 1 аял талапкер.

№29 Свердлов округу боюнча  60 шайлоо участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 122 975 шайлоочу киргизилди, 2022-жылга салыштырмалуу 16 426 (13,35%) шайлоочуга өстү.

Шайлоодо 5 талапкер катышууда, анын ичинен 1 аял талапкер.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча  61 шайлоо участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 97 331 шайлоочу киргизилген, 2021-жылга салыштырмалуу 7 605  (7,8%) шайлоочуга өстү.

Шайлоодо 14 талапкер катышууда.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддорунун кыймылы тууралуу маалыматты «Талапкер» маалымат ресурсунда (БШКнын schailoo.gov.kg сайтында ) жана шайлоо участкаларында илинген плакаттарында тааныша аласыздар.

Шайлоочуларды маалымдоо үчүн 313 378 билдирүү даярдалып, участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочуларга таркатылган.

Билдирүү ар бир шайлоочуга добуш берүү күнү, шайлоо участогунун дареги жана номери жөнүндө маалымдайт, ошондой эле тийиштүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин камтыйт.

Ошондой эле, байланыш маалыматы да берилген, анда сиз кандайдыр бир суроолоруңуз болсо кайрыла аласыз. Өзүңүздүн шайлоо участканын дарегин 1255 же 119 номерине чалуу менен тактасаңыз же болбосо паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен 119 номерине акысыз СМС жиберүү аркылуу тактасаңыз болот.

Жалпысынан 311 253 шайлоо бюллетендери даярдалган. Добуш берүү бюллетендери кыргыз, орус тилдеринде жана көрүүсү начар жарандардын добуш берүүсү үчүн Брайл арибинде даярдалган.

Талапкерлердин үгүт өнөктүгүн чагылдыруу үчүн 18 жалпыга маалымдоо каражаттары жана 3 интернет-басылма аккредитацияланган.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларын өткөрүшкөн.

2024-жылдын 24-июнунан 27-июнуна чейин «УТРК», «УТРК Ош Ынтымак» жана «УТРК Ысык-Көл ТВ » телеканалдарында үч округда Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин дебаттары өткөн. Дебат түз эфирде көрсөтүлдү.

Талапкерлердин ортосунда мыйзам мыйзамдын алкагында шайлоо өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Документке кол коюу менен, талапкерлер өздөрүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын нормаларын сактоого, шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө ж.б. милдеттенме алышты жана даярдыгын ырасташты.

Талапкерлердин байкоочулары бардык шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жана анын жыйынтыгын чыгаруунун жүрүшүнө көз салып турушат. Ошондой эле, «Сезим» коомдук уюму коомдук байкоочу катары катталып, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөйт.

Мыйзамдуулукту жана жарандардын укугун коргоону камсыз кылуу үчүн курамына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген ыкчам чара көрүү координациялык тобу түзүлгөн.

БШК Ыкчам чара көрүү тобу шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна туруктуу мониторинг жүргүзүп келет жана кабыл алынган чаралар жөнүндө токтоосуз маалымдайт.

Эгерде Сиз бузууларга күбө болсоңуз 1255 номери боюнча, 0(312) 660240-ишеним телефону боюнча, WhatsApр – 0(707)011255; 0(221)851255 боюнча кайрылсаңыз болот.

БШКсы үч шайлоо округунун жарандарын добуш берүүгө катышууга, жарандык позициясын билдирүүгө жана өлкөнүн улуттук парламентине
өз округунан татыктуу талапкерди тандоого чакырат.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>