Башкы Жаңылыктар Монголиядагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгѳ Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда

Монголиядагы шайлоого мониторинг жүргүзүүгѳ Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда

28-Июн, 2024

КР БШК өкүлдөрү- КР БШК мүчѳлѳрү К.А.Маматов, А.С. Жупуева, КР БШК жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору А.Ж.Букамбаева Монголиянын Улуу мамлекеттик Хуралына (парламент) кезектеги шайлоого мониторинг жүргүзүүгѳ катышууда.

Шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын төрагасы Пурвее Делгернаран менен жолугушту. Жолугушууда Монголиянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу маалымат берди. Эл аралык байкоолор программасынын алкагында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү шайлоодо колдонулуучу технологияларды иликтеп жатышат. 2024-жылдагы парламенттик шайлоодо Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралы добуштарды эсептөөчү New Image Cast аппаратын колдонууну чечти. 2012-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Монголияда добуштарды эсептөө жана шайлоочуларды каттоонун автоматташтырылган системасы киргизилген. Эсептөө машиналарынын жыйынтыгын текшерүү жана тастыктоо үчүн бардык участоктордо биринчи жолу кол менен контролдук эсептөө жүргүзүлөт. Бардык шайлоо участкалары добуштарды эсептөө үчүн электрондук техникалык каражаттар – шайлоо бюллетендеринрин сканерлери менен жабдылган. Автоматтык добуш берүү системасы биринчи расмий эмес жыйынтыктарды шайлоо участкалары жабылгандан кийин эле жарыялоого мүмкүндүк берет.

Шайлоого жалпысынан 1336 талапкер катышууда, анын 1294ү 19 саясий партиядан жана 2 саясий коалициядан болушат, ошондой эле 42 көз карандысыз талапкер болот. Жалпысынан бир депутаттык мандат үчүн 10го жакын талапкер бар. Талапкерлердин 39% аялдар болду, бул Монголиянын шайлоо тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Шайлоочулардын тизмесинде 2 миллион 238 миң 360 жаран бар. Чет өлкөдө добуш берүү 20-23-июнь аралыгында өттү. Чет өлкөдө катталган шайлоочулардын саны - 13095.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы шайлоо участкаларында болуп, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзөт, КР БШК делегациясы шайлоочулар жана шайлоо комиссияларынын кызматкерлери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Монголиядагы парламенттик шайлоого 40 өлкөдөн (Кыргыз Республикасы, Казакстан, Грузия, Өзбекстан, Индия, Филиппин, Россия Федерациясы ж.б.) жана 21 уюмдан 259 эл аралык байкоочу көз салууда.
Мамлекеттик Улуу Хурал — Монголиянын жогорку мыйзам чыгаруучу органы (бир палаталуу парламент).

Монголияда парламенттик башкаруу бар: шайлоодо жеңген партия өкмөттү түзөт жана премьер-министрди дайындайт. 2022-жылдын жайында кабыл алынган өлкөнүн конституциясына киргизилген соңку өзгөртүү бардык министрлерге бир эле учурда парламенттин мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Депутаттык курактын чеги - 25 жаш. Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 4 жыл.
Монголиянын шайлоо мыйзамына 2023-жылы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, парламенттеги орундардын саны 126га чейин көбөйтүлүп, анын ичинен 78 депутат мажоритардык система менен, 48и пропорционалдык система менен шайланат. Жаңы мыйзамга ылайык, депутаттардын 30% аялдар болушу керек.

Шайлоочулдардын добуш берүүсү бир күндѳ – жума күнү өткөрүлөт жана бул күн дем алыш күнү деп жарыяланат. Жалпы добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 22:00гө чейин өткөрүлөт (жалпысынан добуш берүүнүн узактыгы 15 саат).

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>