Башкы Жаңылыктар №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29Свердлов бир мандаттуу …

№5 Ноокат, №36 Ысык-Көл  жана №29Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун бюллетендери даярдалды

24-Июн, 2024

2024-жылдын 24-июнда, 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендерин даярдоо иштери аяктады.

Ушул эле күнү даярдалган бюлеттендерди өткөрүп берүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага БШКнын тѳрагасынын орун басары Т.Шайназаров, «Учкун» ААКнын директорунун орун басары К.Бейшекеев, КР БШК мүчөлөрү жана, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ЖМК ѳкүлдѳрү ж.б катышты.

КР БШКнын башчысынын орун басары Т.Шайназаров ѳзүнүн сѳзүндѳ бюллетендерди сапаттуу жана ѳз учурунда даярдагандыгы үчүн «Учкун» ААКга ыраазычылык билдирди, мыйзамга ылайык добуш берүү күнүнѳ чейин 5 күн мурда басып чыгарылууга тийиш. Бюллетендер үч округдун шайлоо участкаларына жеткирилет.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, 311253 шайлоо бюллетени даярдалды. Кыргыз тилинде 218223, орус тилинде 93300 бюллетень, 175 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты. Алардын ичинде:

- Ноокат округу боюнча – 91105. Кыргыз тилинде 88547, орус тилинде 2558 бюллетень, 54 бюллетень Брайль арибинде;

- Свердлов округу боюнча – 123021. Кыргыз тилинде 61498, орус тилинде 61523, 60 бюллетень Брайль арибинде;

- Ысык-Көл округу боюнча – 97397. Кыргыз тилинде 61498, орус тилинде 29219 бюллетень, 61 бюллетень Брайль арибинде;

Шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүлүп берилди. Өз учурунда БШКнын өкүлдөрү акт боюнча бюллетендерди Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл округдук шайлоо комиссияларына тапшырды.

«Учкун» ААКда шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. «Учкун» ААКсынын басмаканасында жабдуулардын комплектиси орнотулуп, анда үч бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздашты.

Белгилей кетсек, шайлоо бюллетендери жогорку деңгээлде корголгон. Алардын сырты автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) окуй алгыдай боёктор боелгон.

2024-жылдын 24-июнуна карата алынган алдын ала маалыматтарга ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилгендер:

- Ноокат шайлоо округу боюнча 91020 шайлоочу;

- Свердлов шайлоо округу боюнча 122932 шайлоочу;

- Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97300 шайлоочу.

Ошондой эле, «Тизме» мамлекеттик порталында да шайлоочулар тууралуу тийиштүү маалыматтар жайгаштырылган. Ал аркылуу бардык каалочулар шайлоочулардын тизмелери жөнүндө керектүү маалыматты эркин жана тоскоолдуксуз ала алат.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>