Шайлоочулардын алдын ала тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырды - https://tizme.gov.kg/.
№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 91 057, анын ичинен 45 529 эркектер жана 45 528 аялдар же 50% жана 50%.
№36 Ыссык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 97 331, анын ичинен 47 541 эркектер жана 49 790 аялдар же 48,84% жана 51,16%.
№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 122 975, анын ичинен 52 271 эркектер жана 70 704 аялдар же 42,51% жана 57,49%.
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 25-июнуна чейин 175 шайлоо участкасына илинет.
Урматтуу шайлоочулар!
Шайлоо участогуңузду тактап алсаңыз болот:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- «tizme.gov.kg» сайтында;
- шайлоо участогунда;
- өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).