Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясы Кыргызстандын бардык мусулмандарын ыйык Курман айт майрамы менен куттуктайт.
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Ыйык Курман айт - боорукердиктин, айкөлдүктүн жана өз ара урмат-сыйдын майрамы.
Бул күнү адамдар жакындарына, бир туугандарына жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө жардам берүү салт болуп калган.
Жараткан бизге мээримин төгүп, курмандыктар кабыл болсун.
Ар бир үй-бүлөгө бакыт, байгерчилик, тынчтык жана жакшылык каалайбыз.
Биздин сүйүктүү Кыргызстаныбызга биримдик жана гүлдөп өсүп өнүгүү каалайбыз!
Урматыбыз менен КР БШКнын жамааты.
