Башкы Жаңылыктар №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын …

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

04-Июн, 2024

2024-жылдын 4-июнунда КР БШК жана Ноокат мамлекеттик администрациясы 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат шайлоо окургу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйынга КР БШКнын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаров, КР БШК мүчөсү У.К.Жылкыбаев, Ноокат районунун акими Ж.М. Субагожоев, , депутат Ж.М. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси С. Самидин уулу, Ноокат округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы В.М. Гиниятуллин, жергилитктүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиери, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү катышты.

КР БШКнын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаров жыйындын бардык катышуучуларын куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги Жарлыгы менен №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирине кыскартылат жана эки айдын ичинде өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен төмөнкүлөр тапшырылган:

- БШК шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зарыл финансылык каражаттарды бөлүп берүү, мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти коргоо жана башка иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

Шайлоону уюштурууга Ноокат округдук комиссиянын 12 мүчөсү, 54 шайлоо участогундагы участкалык комиссиянын 669 мүчөсү катышууда.

КР БШКнын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаров шайлоо процессинин мөөнөттөрүн жана этаптарын жана шайлоого даярдыктын ар бир этабында тиешелүү органдардын милдеттерин белгиледи.

  • Талапкерлерди көрсөтүү 2024-жылдын 30-майында аяктады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип бардыгы болуп 12 талапкер арыз беришкен, анын ичинен 9 талапкер катталган, 3 талапкер шайлоого андддааан ары катышуудан баш тартты.

• Талапкерлерди каттоо 2024-жылдын 10-июнунда аяктайт.

• 10-июндан баштап эң активдүү фаза – үгүт кампаниясы башталат, ал 2024-жылдын 29-июнунда саат 8:00дө аяктайт.

• 2024-жылдын 29-апрелинде орун-жайдан тышкары добуш берүү уюштурулат.

• 2024-жылдын 30-июну – добуш берүү күнү.

• 2024-жылдын 14-июлуна чейин шайлоонун жыйынтыгы аныкталат.

Кандайдыр бир ката же так эместик аныкталган учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсо, шайлоочулар 2024-жылдын 19-июнуна чейин (кошуп алганда) арыз берүүгө укуктуу экенин белгилѳѳ зарыл.

Шайлоо күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.

Шайлоочулардын саны 81 902 шайлоочу болгон 2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 9 117 шайлоочуга көбөйгөн, азыркы учурда алдын ала тизме боюнча 91 019 шайлоочу бар.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу, добуш берүү үчүн жайдын максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын муктаждыктарынын картасын түзүүдѳ.

Майыптыгы бар адамдардын саны – 88, анын ичинен көрүүсү начар – 4, угуусу начар – 36, таяныч-кыймыл аппараты жараксыз – 48 адам бар.

Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар илинген стендди жабдып жатышат, ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар бир шайлоо участогунда талапкерлердин үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын орундарды бөлүп, жабдууга тийиш.

Ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу белгиленди.

Т.У. Шайназаров мыйзамдарга ылайык шайлоо процессинин бардык катышуучуларын добуш берүүгө активдүү катышууга, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн адилет, калыс позицияда турууга, талапкерлердин укугунун бирдей экендигин камсыз кылууга жана Ноокат шайлоо округунан Жогорку Кеңешке татыктуу өкүлдү шайлоого чакырды.

Ноокат районунун акими Ж.М. Субагожоев адилет шайлоону ѳткѳрүүгѳ кѳмѳктѳшѳрүн билдирди. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү У.К. Жылкыбаев жолугушуунун катышуучуларын куттуктоо менен шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин м аалымдоо жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси катары бардык талапкерлерге шайлоочулар менен жолугушуу үчүн бирдей укуктар жана аянтчалар камсыз кылынарын белгиледи. Ал ошондой эле диний имараттардан, курулмалардан жана аларгша тийиштүү айм актардан, өндүрүштүн кооптуу жана зыяндуу объектилеринен, электр станцияларынан, темир жолдордон, мунай түтүктөрүнөн жана жогорку чыңалдууга электр чубалгыларынан, пенитенциардык тутумдун объекттеринен, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынан, мектепке чейинки балдар мекемелеринен, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынан (100 метрден кем эмес) алыста жана ичинде үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбестигин эскертти.

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө үгүт материалдарында диний темадан тике же кыйыр алынган маалыматтарды же шилтемелерди камтыган маалыматтардын (сүрөттөрдүн) бөлүктөрүн жана элементтерин көрсөтүүгө же башкача түрдө пайдаланууга жол берилбейт.

Ал ошондой эле шайлоочулардын шайлоого активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал катышуучуларды талапкерлердин үгүт иштерине кийлигишпөөгө, шайлоочулардын шайлоого катышуусу үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө жана каалаган талапкерге добуш берүүгө чакырды.

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>