Башкы Жаңылыктар Свердлов округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда …

Свердлов округу боюнча  КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого ЖМКларды жана интернет басылмаларды аккредитациялоо

27-Май, 2024

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын өкүлдөрү!

КР БШК 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №29 Свердлов шайлоо округунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу 28-май 2024-жылы аяктайт.

Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыздоо жарандарды маалымдоону, шайлоо алдындагы үгүт иштерин ѳзүнѳ камтыйт жана жарандардын ой-мүдѳѳсүн аң-сезимдүү жана эркин билдирүүсүнө жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна көмөк көрсөтүүгө багытталган. Үгүт процессине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитациядан өтүшү керек.

Телекөрсөтүү же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгѳ 6 ай калганга чеийн алынган баадан ашпоого тийиш.

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышууга каалоосун билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2024-жылдын 28-майын кошуп алганга  чейин (кошкондо) белгиленген мөөнөттө БШКга төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

- шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышууга даярдыгы жөнүндө билдирме, анда жетекчинин аты-жөнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын же интернет-басылманын координаттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл;

- жалпыга маалымдоо каражатынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкердин салык органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсү (интернет басылмалар үчүн);

- маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсү;

- уставдын көчүрмөсү (бар болсо);

- эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмага жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалымат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет басылмалар ошондой эле арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтердин электрондук вариантын КР БШКнын маалымат бөлүмүнүн pr.shailoo@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүшөт.

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>