2024-жылдын 24-майындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда
«Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан көрсөтүлгөн Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Ата-Журт Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө К.Б. Кадыровдун өз арызынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү