Башкы Жаңылыктар №29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын …

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси (жаңыланууда)

30-Май, 2024

2024-жылдын 30- майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2024-жылдын 30- июнунда ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Турпанов Милан Калыбековичтен арыз келип түшкѳн. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

Өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү КР БШКга талапкердин ушул шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ арыз берүү жолу менен жүргүзүлѳт.

Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү ар бир талапкер кѳрсѳтүлѳтурган шайлоо округун кѳрсѳтүү менен курултайда ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.

Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-майындагы Жарлыгына ылайык, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

№

Талапкердин ФАА

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

Арыз тапшыруу датасы

1

Алмаз уулу Аскар

07.11.1993

Убактылуу иштебейт

Өзүн өзү көрсөтүү

17.05.2024 10:30

2

Усубалиев Таалайбек Болотбекович

01.11.1967

Бишкек шаардык кенешинин депутаты

Өзүн өзү көрсөтүү

21.05.2024 12:00

3

Асанбеков Жаныбек Асанбекович

13.05.1980

Бишкек шаардык кенешинин депутаты

Өзүн өзү көрсөтүү

23.05.2024 09:20

4

Нышанов Назарбек Айтбекович

20.03.1961

Хирург-онколог

Өзүн өзү көрсөтүү

23.05.2024 16:25

5

Бектемирова Мээрим Туратбековна

21.06.1984

Чүй электр тармактар ​ишканасы, жетектөөчү адис

Өзүн өзү көрсөтүү

27.05.2024 15:54

6

Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдиевич

15.04.1988

«КЕН минералс» ЖЧКнын директору

Өзүн өзү көрсөтүү

28.05.2024 15:15

7

Эргешов Казыбек Кочкорович

22.04.1969

БШКнын депутаты

Өзүн өзү көрсөтүү

28.05.2024 17:30

8

Карамушкина Ирина Юрьевна

07.05.1964

Убактылуу иштебейт

Өзүн өзү көрсөтүү

29.05.2024 13:30

9

Тилебалдиев Талантбек

15.12.1969

«ТЭТ Курулуш» ЖЧКнын директору

Өзүн өзү көрсөтүү

29.05.2024 16:30

10

Ремнёв Роман Павлович

04.05.1983

Коомдук саясий ишмер

Өзүн өзү көрсөтүү

30.05.2024 16:00

11

Салымбеков Жумабек Мамытбаевич

01.01.1977

«Мурас-Спорт» ЖЧКнын жетекчиси

Өзүн өзү көрсөтүү

30.05.2024 17:03

12

Турпанов Милан Калыбекович

12.04.1978

«МТ Азия Групп» ЖЧКнын директору

Өзүн өзү көрсөтүү

30.05.2024 23:20


Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>