Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер КР мамлекеттик …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер КР мамлекеттик тилин билүүсүн аныктоо үчүн тил боюнча Комиссиянын он мүчөсүнө талапкерлерди бекитти.

27-Июл, 2011

Бүгүн, 27-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Боршайком Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Акбаралы Айтикеевдин, Камчыбек Ташиевдин, Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Каримовдун жана Нурлан Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Жыйналышта “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин тилди билишин аныктоо боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитишти. Конституциялык Мыйзамга ылайык мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тил боюнча Комиссиянын курамын 12 адамдан түзүүнү сунуштайт, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.

Бүгүн, БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия сунуш кылган 14 талапкердин он адамын Комиссиянын курамына бекитти, алар: Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик; Батаканова Светлана Топчуевна, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент; Василькова Галина Алексеевна, Кыргыз-Россиялык Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты; Исаков Каныбек Абдуваситович, Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор; Искендерова Суусар Искендеровна, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору; филология илимдеринин доктору; Исамидинов Искендер Чоңмурунович, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор; Казиев Нурбек Кожоярович, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты; Нурманбетов Тынчтыкбек, “Кырчын” журналынын башкы редактору, акын, Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, Рыскулова Гүлжамал Үмөткуловна, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, Өмүрканов Анатай, Кыргыз Республикасынын эл акыны.

КР БШК мүчөсү, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Жеңишбек Акматов түшүндүргөндөй, БШК мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга Комииссияны толук түзүү үчүн талапкерлерди көрсөтүүгө кайрадан суроо-талап жиберет.

КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун сунушу боюнча күн тартибине Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо округунун (АШО) курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө маселе кошулган. Берген арызынын негизинде комиссиянын курамынан “Улуу Биримдик” Улуттук-демократиялык партиясынан Бектемир Султаналиев чыккан. Анын ордуна АШО курамына “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Чапрашты Сатыбалдиев киргизилген.

КР БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун сунушу боюнча күн тартибине шайлоочуларды эсептөөнүн бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча маселе киргизилген. Аталган долбоор боюнча техникалык тапшырманы ПРООН иштеп чыгып, тапшырып берген. Бул маселени талкуулашкандан кийин БШК мүчөлөрү аталган маселени IT-иштеп чыгуучулардын катышуусу менен иш арасында карап чыгуу андан кийин БШК жыйналышына көтөрүүнү жакынкы күндөргө чыгаруу чечимин кабыл алышты

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>