Башкы Жаңылыктар БШК №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын …

БШК №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктап, Эргешов Бекмурза Аскарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды

04-Май, 2024

​2024-жылдын 4-майында Борбордук шайлоо комиссиясы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктады.

​Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 55-шайлоо участкасы түзүлгѳн. Шайлоочулардын тизмесинде 125 386 шайлоочу киргизилген.

​№7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 14 талапкерди каттады. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу арызынын негизинде талапкер Т.Ж.Кадыровду каттоосу жокко чыгарылган.

​Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 12 талапкер катышты.

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде БШКга шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды бузуулар жөнүндө 17 арыз жана билдирүү келип түшкөн, алар компетенциясы боюнча шайлоо комиссияларында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык   чечимдер кабыл алынган.

Кабыл алынган чечимдер 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдөгү даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестринде чагылдырылган (https:// shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij - deputatov-zhk-kr-28-aprelya-2024-goda/) – көчүрмө тиркелет.

БШКнын 2024-жылдын 4-майындагы жыйынтыктоочу жыйынында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (С.Б. Макилов), Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (К.А. Тургуналиев), Ош шаарынын прокуратура органдарынын (З.А.Тойчубаев, К.Ж.Насипов) камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө КР УКМК Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын (А.Молдоалиев) №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу боюнча кѳрүлгѳн чаралар жѳнүндѳ  маалыматтары угулду.

Ош шаарынын ИИББ жана прокуратурасынын маалыматтарына ылайык, 26 билдирүү келип түшкѳн, алардын 24 боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.

Бир материал боюнча кылмыш иши козголгон (добуштарды сатып алуу), бир материал кылмыш ишинин алкагында бириктирилди.

Жүргүзүлгөн тергѳѳ амалдарынын жыйынтыгы боюнча «аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу» кылмыш иши боюнча ѳнүрүш токтотулган.

Ош шаардык прокуратурасы көзөмөл тартибинде кабыл алынган чечимдер текшерилип, мыйзамдуу жана негиздүү деп табылганын билдирди.

​Ош округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде добуш берүүгө 23078 шайлоочу катышып, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 18,41%ын түздү.

​Талапкерлер шайлоочулардын төмөнкүдөй добуштарын алышты:

 

 

• Мамаев Абдилазиз Абдырахманович 910 добушалган, 3.94%;
• Танабаев Нурлан Исамидинович 108 добушалган, 0.47%;
• Бакир уулу Турсунбай 730 добуш алган, 3.16%;
• Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич 573 добушалган, 2.48%;
• Арзибаев Бекболот Осконбаевич 3 093 добушалган, 13.40%;
• Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович 1 291 добуш алган, 5.59%;
• Эргешов Бекмурза Аскарбаевич 10 097 добушалган, 43.75%;
• Абдугапаров Авазбек Абибулаевич 376 добушалган, 1.63%;
• Балтабаев Абдивали Жакыпович 208 добушалган, 0.90%;
• Лилиенталь Юлия Викторовна 337 добуш алган, 1.46%;
• Караев Эмиль Жаныбекович 564 добуш алган2.44%;
• Эргешов Ильичбек Салыевич 3 436 добушалган, 14.89%;
• Бардыгы үчүн каршы позициясы үчүн 619шайлоочсу добуш берген, 2.68%.

​“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, укук коргоо органдарынын маалыматын эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Эргешов Бекмурза Аскарбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>