Башкы Жаңылыктар БШК үч округ боюнча КР ЖКга мөөнөтүнөн мурда …

БШК үч округ боюнча КР ЖКга мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү күнүнөн баштап келип түшкөн мыйзам бузуулар боюнча арыздарды карады

03-Май, 2024

 

​Бүгүн БШКда Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКК) жана арыздар жана даттануулар боюнча жумушчу топтун биргелешкен жыйынында №2 Баткен, №9 Кара-Суу жана №7 Ош шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү күнүнѳн тартып БШКга келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды.

Жолугушууга тѳмѳндѳгүлѳр катышты:

 

- ички иштер органдарынан:

КР ИИМ ТК бѳлүмүнүн башчысы Дүйшөналиев А.А., КР ИИМдин Башкы штабынын кызматкери Баратова Э.К., КР ИИМ ТК кызматкери Капалов Б.Э., Ош ОИИБнын начальнигинин орун басары Бекназаров А.А., Ош шаардык ИИБнын начальниги Тургуналиев К.А., анын орун басары Нуралиев Т.К., Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынан: начальниктин орун басары Мусаев М., Ош облусунун ИИБнын ТК башчысы Кадыров А.И., Баткен облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан: Кадамжай районунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Кундузов Б.А., анын орун басары Жумабаев А.К.

- прокуратура органдарынан:

Ош шаарынын прокурорунун орун басары Кубатидинов А.К., Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы Насипов К.Ж., Ош облусунун прокурорунун орун басары Сегизбаев А.Т., Кара-Суу районунун прокурорунун орун басары Чыбышев С.Т., Баткен облусунун прокурорунун орун басары Жолдошев Ж.А., Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Худайбердиев А.А., Баткен районунун прокурорунун орун басары Дүйшекеев А.Б.

 

Жыйындын жүрүшүндө төмөндөгүлөр каралды:

-№ 2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Б. Калпаевтин ыйгарым укуктуу өкүлү С. Болотакунованын № 2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер М. Ойтемировго карата арызы, арызда финансылык отчетто Брайл шрифтин колдонуу менен даярдалган үгүт материалдарын тастыктаган маалыматтар камтылбагандыгы айтылган, бул арыз ээсинин пикири боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын укуктарын бузган.

Бул арыз боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Контролдук-текшерүү тобу М.Ойтемировдун финансылык отчетуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында Брайль тамгасы менен үгүт материалдарын даярдоо үчүн акы төлөө боюнча тастыктоочу документтер бар экендигин билдирди. Ошону менен бирге талапкер Б.Калпаев арызын чакыртып алган жана эч кандай дооматы жок экенин билдирген.

- №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер И.Эргешовго карата Б.Арзибаевдин арызы - И. Эргешевгебайланыштуу адамдар тобу тарабынан добуштарды сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндө мурда каралып жаткан билдирүү боюнча көрүлгөн чаралардын жетишсиздиги жөнүндө.

 

Бул арыз боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан – Нуралиева Т.К. тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, КР ИИМ тарабынан мурда берилген материалдарда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун корутундусу боюнча текшерилип жаткан адамдар талапкер И.Эргешевдин агитаторлору болуп саналган факты.

Бул арыз боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы – Нуралиев Т.К. тарабынан түшүндүрмѳ берилди, КР ИИМ тарабынан мурда берилген материалдарда толук текешерилип, МБанк аркылуу накталай эмес жол менен добуштарды сатып алуунун болушу боюнча текшерилген бардык адамдарга уккуктук баа берилип, БШК жумушчу тобунун кортунудусунда текшерилген адамдар талапкер И. Эргешевдин агитаторлору болуп саналгандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Арыз ээси текшерүүнү өтүнгөн калган адамдар агитатор болушкан эмес, бирок фактыны толук аныктоо үчүн текшерүүнүн алкагында суралган жана шектүү катары саналган эмес, анткени тиешелүү накталай эмес операциялары болгон эмес. Ош шаардык прокуратурасы (Кубатидинов А.К.) Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн тастыктады. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымат маселелери жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топ Б.Арзибаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштады.

- Кара-Суу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Эргешов Толкундун № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча депутаттыкка үч талапкер –С. Ажыматова, И. Кубанычбеков, Т. Орунбаев тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу мүмкүндүгү жөнүндө арызы.

Арызда көрсөтүлгөн мүмкүн болуучу мыйзам бузуулардын бир катар эпизоддору буга чейин КГОРдун алкагында укук коргоо органдары тарабынан каралып, жыйынтыгы жарыяланганы аныкталды. Мүмкүн болгон укук бузуулардын бир катар эпизоддору арызда божомолдордун же округдун жарандарынын арасында айтылып жүрѳтдеген маалыматтардын форматында көрсөтүлөт –бирок ошол эле учурда алар боюнча текшерүүнү баштоо үчүн негиз боло турган бузуулар фактысынын бар экенин тастыктаган же далилдеген материалдар берилген эмес. Карасуу районунун ички иштер жана коопсуздук органдары (өз компетенциясына ылайык) тарабынан текшерүүнү талап кылган бир катар жаңы эпизоддор да көрсөтүлгөн. Укук коргоо органдары тарабынан текшерүү суралган. БШКнын жумушчу тобу аудиттин жыйынтыгын кароону улантат.Ошондой эле Кара-Суу районунун ички иштер жана коопсуздук органдары (өз компетенциясына ылайык) тарабынан текшерүүнү талап кылган бир катар жаңы эпизоддор да көрсөтүлгөн. Алар боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүү суралган. БШКнын жумушчу тобу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кароону улантмакчы.

 

БШК маалымат бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>