Башкы Жаңылыктар №5 Ноокат шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын …

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси (жаңыланууда)

30-Май, 2024

2024-жылдын 30- майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2024-жылдын 30- июнунда ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Абдрахманов Мелисбек Осмоналиевичтен арыз келип түшкѳн. №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

Өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү КР БШКга талапкердин ушул шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ арыз берүү жолу менен жүргүзүлѳт.

Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү ар бир талапкер кѳрсѳтүлѳтурган шайлоо округун кѳрсѳтүү менен курултайда ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.

Эскерте кетсек Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30- апрелиндеги Жарлыгына ылайык, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

№

Талапкердин ФАА

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

Арыз тапшыруу датасы

1

Марипов Бакытбек Асамидинович

10.11.1988

Убактылуу иштебейт

Өзүн өзү көрсөтүү

30.04.2024 17:40

2

Айдосов Айболот Абдурахманович

27.07.1986

Убактылуу иштебейт

Өзүн өзү көрсөтүү

30.04.2024 17:51

3

Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович

01.02.1985

Убактылуу иштебейт

Өзүн өзү көрсөтүү

07.05.2024 13:45

4

Абдивалиев Артыкбай Турабидинович

21.05.1969

Жеке ишкер

Өзүн өзү көрсөтүү

07.05.2024 14:39

5

Кудайбердиев Элдар Абдималикович

23.07.1969

Убактылуу иштебейт

Өзүн өзү көрсөтүү

14.05.2024 12:00

6

Тѳлѳнбаев Санжарбек

26.05.1980

УДПКР спорт комплексинин директору

Өзүн өзү көрсөтүү

15.05.2024 12:00

7

Дуванаева Гулнара Качкынбековна

13.10.1963

Жеке ишкер

Өзүн өзү көрсөтүү

17.05.2024 09:43

8

Кыланов Касымбек Омурбекович (онлайн)

18.11.1987

Жеке ишкер

Өзүн өзү көрсөтүү

17.05.2024 17:40

9

Абдикеримов Каныбек Айдарович

20.04.1975

УКМК ардагери

Өзүн өзү көрсөтүү

21.05.2024 11:30

10

Таабалдыев Болотбек Токтосунович

01.09.1976

Убактылуу иштебейт

Өзүн өзү көрсөтүү

23.05.2024 16:30

11

Ажикулов Бакытбек Турсуналиевич (онлайн)

13.06.1985

Т.Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Айбек айылынын айыл башчысы

Өзүн өзү көрсөтүү

24.05.2024 11:30

12

Абдрахманов Мелисбек Осмоналиевич (онлайн)

28.09.1987

Ноокат РЭС

Өзүн өзү көрсөтүү

30.05.2024 16:35

 


Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>