Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №5 Ноокат жана №36 …

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдарынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун кыскача календардык планы

30-Апр, 2024

КР БШК №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун календардык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календарлык планын бекитти.

 

Шайлоо күнү – жекшемби, 2024-жылдын 30-июну

 

№

Аткаруу мөөнөтү

Иш-чаралардын мазмуну

Эскертүү

Шайлоочулардын тизмеси

  1.  

2024-жылдын

8-майына чейин

Округдар, участоктор боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштыруу

(конституциялык Мыйзам, 14-бер. 4-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

14-майына чейин

УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 1-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

10-июнуна чейин

Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 4-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

14-майынан

19-июнуна чейин (кошуп алганда)

Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) кабыл алуу

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 2-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

25-июнуна чейин

УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин илүү

(конституциялык Мыйзам, 15-бер. 5-бөл.)

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо

  1.  

2024-жылдын

30-майына чейин (кошуп алганда)

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү

(конституциялык Мыйзам, 601-бер. 1-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

10-июнуна чейин

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо

(конституциялык Мыйзам, 61-бер. 5-бөл.)

Шайлоо алдындагы үгүт

  1.  

2024-жылдын

10-июнунан тартып

29-июну

саат 08:00гө чейин

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

(конституциялык Мыйзам, 23-бер. 1-бөл.

Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

  1.  

2024-жылдын

13-июнуна чейин

Шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү

(конституциялык Мыйзам, 30-бер. 2-бөл.

  1.  

2024-жылдын

25-июнуна чейин

Шайлоо бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо

(конституциялык Мыйзам, 30-бер., 8-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

27-июнуна чейин

Шайлоо бюллетендерин округдук шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

(конституциялык Мыйзам, 30-бер. 9-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

29-июнуна чейин

Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү

(конституциялык Мыйзам, 30-бер. 9-бөл.)

Добуш берүү тартиби

  1.  

2024-жылдын             29-июну, саат 8.00дөн 20.00гө чейин

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү

(конституциялык Мыйзам, 33-бер. 2-бөл.)

  1.  

2024-жылдын

30-июну, саат 8.00дөн 20.00гө чейин

Добуш берүүнү өткөрүү

(конституциялык Мыйзам, 31-бер. 1-бөл.)

Шайлоонун натыйжаларын аныктоо

  1.  

2024-жылдын

14-июлуна чейин

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

(конституциялык Мыйзам, 37-бер. 1-бөл.)

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>