Башкы Жаңылыктар БШК №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын …

БШК №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Маматкуловду каттоону жокко чыгарды

26-Апр, 2024

2024-жылдын 19-апрелинде КР БШКга №7 Ош   бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Маматкулов тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу мүмкүндүгү жѳнүндѳ Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынан     маалымат  келип түшкѳн.   

Ош шаарынын ИИБ    алынган маалыматка ылайык , талапкер М.Маматкуловдун агитаторлору Мамаджанова Г., Хамдамова Д., Парпиев Х. жана Мадазимов Ы. кийин М.  Маматкуловдун пайдасына добуш берүү үчүн    ар бирине 5000 (беш миң) сомдон төлөп берүү убадасы менен шайлоого 20 шайлоочуну алып келүү боюнча тапшырма бергендиги аныкталган. 

Ош шаардык ИИБ ТК кошумча текшерүүсүнүн натыйжалары боюнча   талапкер Маматкулов М.Б. 19 агитатордун ар бирине 5000 (беш миң) сомдон айлык акы, шайлоо фондунун атайын эсебиндеги каражаттарды айланып өтүү менен жалпысынан 95 000 (токсон беш миң) сомдон накталай  акча төлөгөн.  

  «Иш-аракетинде  кылмыштын курамы жок болгондуктан»   кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.  

  Материалдар өздөрүнүн компетенциясынын   жана шайлоо мыйзамдарынын чегинде кароо үчүн шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

Конституциялык Мыйзамдын 42-беренесине ылайык КР БШК Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү комиссиясы “талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин көзөмөлдөө шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу (мындан ары - КТТ) бул фактыны текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй корутундусун берди:

«Тундук» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу «РСК Банк» ААКтын банктык маалыматына ылайык, талапкер М.Б.Маматкуловдун шайлоо фондунун атайын эсебине. 2024-жылдын 26-апрелине карата 851 900 (сегиз жүз элүү бир миң тогуз жүз) сом түшкөн.

Талапкер М.Б.Маматкуловдун шайлоо фондунан шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө кеткен чыгымдарын жабууга  450 050 (төрт жүз элүү миң элүү) сом жумшалган. Бирок 2024-жылдын 26-апрелине карата банктык маалыматта агитатордук кызмат көрсөтүү боюнча келишимдер боюнча агитаторлорго акы төлөө фактысы жок.

  «Тундук» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган банктык маалымат М.Б.Маматкуловдун шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө бардык толук маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрсөтөт. 

Бул маалыматтарда агитаторлордун кызматына келишим боюнча агитаторлорго акы тѳлѳѳ фактысы камтылган эмес.  

Ошону  менен бирге Ош округдук комиссиясынын төрайымы К.Т. Бердибекова   М.Б.  Маматкулов тарабынан  финансылык отчет документтери менен өз убагында берилбегендигин маалымдады,  демек “Түндүк” системасы аркылуу банкттын маалыматы мындай жагдайда кароо үчүн жеткиликтүү болуп саналат. 

  Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 3-пунктуна  ылайык: “ѳзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаган учурда талапкерди каттоо жокко чыгарылат”

КТТнын  2024-жылдын 26-апрелиндеги корутундусун эске алуу менен, ага ылайык шайлоо фондунан тышкары пайдаланылган 95 000 (токсон беш миң) сом талапкер М.Б. Маматкуловдун   шайлоо фондунун атайын эсебине келип түшкөн каражаттардын (851 900 сом)  жалпы суммасынын 11,15%  түзөрүн эске алып,    Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык талапкер М.Б.Маматкуловдун каттоосун  жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алды.   

КР БШК чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. 

 

 

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>