Башкы Жаңылыктар БШК шайлоочуларга үч шайлоо округу боюнча КР ЖК …

БШК шайлоочуларга үч шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалыматты сунуштайт

26-Апр, 2024

2024-жылдын 28-апрели - №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү.

 

Жалпысынан үч шайлоо округу боюнча шайлоого 30 талапкер, анын ичинен 1 аял талапкер катышууда.

• №2 Баткен шайлоо округу боюнча – 10 талапкер;

• №7 Ош шайлоо округу боюнча – 13 талапкер, анын ичинен 1 аял;

• Кара-Суу шайлоо округу боюнча - 7 талапкер бар.

БШК шайлоочуларга “Талапкер” маалымат ресурсунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тууралуу маалымат менен таанышууну сунуштайт.

Бул ресурстан шайлоочу ар бир талапкер тууралуу толук маалыматты: талапкер тууралуу жалпы маалыматты, шайлоо алдындагы программасы жана шайлоо фондунан түшкөн каражаттардын кыймылы тууралуу биле алат.

Шайлоочулар ошондой эле шайлоо участкаларында илинген плакаттардан талапкерлер тууралуу маалыматтар менен тааныша алат.

 

№2 Баткен шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси:

 

 

  1. Салихов Кеңеш Каримович
  2. Мадалиев Асылбек Алтымышович
  3. Кожонов Замирбек Ырысбаевич
  4. Ойтемиров Махмуд Гиесович
  5. Раимкулов Аширбай Омурзакович
  6. Нишанбаев Тургунбай
  7. Калпаев Бактыяр Алиевич
  8. Каработоев Джалил Исакович
  9. Сатаров Акимали Сатыбалдыевич
  10. Шадыманов Бакытбек Адылбекович

№7 Ош шайлоо округундагы талапкерлердин тизмеси:

  1. Мамаев Абдилазиз Абдырахманович
  2. Танабаев Нурлан Исамидинович
  3. Бакир уулу Турсунбай
  4. Мамаджанов Бахтияр Тажибаевич
  5. Арзибаев Бекболот Осконбаевич
  6. Кыдыров Калтарбек Абдыкадырович
  7. Эргешов Бекмурза Аскарбаевич
  8.  
  9. Абдугапаров Авазбек Абибулаевич
  10. Балтабаев Абдивали Жакыпович
  11. Лилиенталь Юлия Викторовна
  12. Маматкулов Максатбек Борубаевич
  13. Караев Эмиль Жаныбекович
  14. Эргешов Ильичбек Салыевич
  15. * №8 талапкерди каттоо жокко чыгарылган.

№9 Кара-Суу шайлоо округундагы талапкерлдердин тизмеси:

  1. Ажимаматов Сталбек Асанович
  2. Бакир Бакытбек
  3. Эргешов Толкун Турдукулович
  4. Курбанов Раимжан Рахманович
  5. Мамазакиров Рустам Умарович
  6.  
  7. Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович
  8.  
  9. Орунбаев Турдубек Дуйшонович
  10.  
  11.  

* №6, 8, 10, 11 талапкерлерди каттоо жокко чыгарылган.

 

Урматтуу шайлоочулар, өз округуңуздан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты шайлаңыз!

 

ТАТЫКТУУ КЕЛЕЧЕКТИ ТАНДАП АЛАСЫЗ!!!

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>