Башкы Жаңылыктар Жарандык билим берүү: кыздар үчүн тренинг

Жарандык билим берүү: кыздар үчүн тренинг

21-Апр, 2024

20-21-апрелде Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТ) IDEA CA менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жарандык билим берүүнүн алкагында орто мектептердеги кыздар үчүн мамлекеттик түзүлүштүн негиздери жана шайлоо процесстери боюнча эки күндүк тренинг өткөрүштү.

Иш-чарага Ысык-Ата районунун орто мектептеринен 31 окуучу катышты.

Тренингдин биринчи күнүндө адамдын жана жарандын укуктары, лидерлик сапаттар, ошондой эле жаштардын саясий процесстерге катышуусу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн түшүнѳ билүү боюнча талкуулар болду.

IDEA CA аткаруучу директору А.Русланова катышуучуларды адам укуктарынын контекстинде аялдардын лидерлигинин негиздери менен тааныштырды, ошондой эле дебат технологияларына токтолду.

Экинчи күн толугу менен шайлоо маселелерине жана шайлоо процессине арналды. Машыктыруучу К.Мамытова учурдагы шайлоо системасы жана шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.К. Шайлдабекова өз сөзүндө шайлоо процессинде кыздардын жана аялдардын ролу канчалык маанилүү экенин белгиледи. Колдонуудагы мыйзамдарда аялдарга жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке депутат болууга мүмкүндүк берген атайын механизмдер бар. Аялдар түпкү табияты жана акыл-ойу жагынан сүйлөшүүлѳрдү жүргүзѳ билген жана ортодо тынчтыкты орното алчу болуп төрөлгөн. Аялдар ар дайым өз ара түшүнүшүүгө, тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүгө аракет кылып келет. Эгерде аялдар үй-бүлөдө жасаган мамиле мамлекеттик деңгээлге үлгү катары өтсө, өлкө өнүгөрү талашсыз. Төрага катышуучуларга ишенимдүү болууга, активдүүлүктү кѳрсѳтүүгѳ, изденүүчү жана турмуш жолундагы кыйынчылыктарды жеңе билүүчү болууга чакырды.

Чакырылган конок катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Сурабалдиева сөз сүйлөдү тжана депутат айым болуу жолундагы тажрыйбасын айтып берди. Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, өз кезегинде парламентарий кыздарды активдүү болууга, жергиликтүү коомчулуктун, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Окутуу программасы бай жана кызыктуу ѳттү. Катышуучуларга мамлекеттик бийлик системасы, адам жана жарандык укуктар тууралуу билимдерден тышкары, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши көрсөтүлүп, добуш берүү жол-жоболорунун модели кѳрсѳтүлдү.

 

Катышуучуларга ойдон чыгарылган мамлекеттин шайлануучу кызмат орундарынын бирине өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү берилди. Талапкерлер Мамедова Гүлнара, Вахрушева Любовь, Нарынбекова Азема, Кахарова Диана шайлоо алдындагы программаларын даярдашып, үгүт иштерин жүргүзүштү. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Вахрушева Любовь бир добуш айырма менен жеңишке жетип, муну менен ал ар бир добуштун маанилүү экенин тастыктады.

Тренингдин эки күнү тең интерактивдүү форматта, түрдүү оюндар жана талкуулар менен өттү.

Тренингдин соңунда катышуучулар сертификаттарга ээ болушуп, эстелик сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>