Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясын шайлоого …

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда

10-Апр, 2024

КР БШКнын тѳрагасы Н. Шайлдабекова башында турган, БШК мүчѳсү А. Кубатбеков, БШК аппаратынын кызматкери баш болгон Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы Корея Республикасынын 22-чакырылыштагы Улуттук жыйынынын депутаттарын шайлоого мониторингге катышууда.

Мониторингге 27 өлкөнүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Монголия, Мальдив аралдары, Непал, Пакистан, Мексика, Африка өлкөлөрү ж.б.) шайлоо органдарынын жетекчилери жана мүчөлөрү, шайлоо органдарынын аймактык бирикмелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын делегациясы менен Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ро Тхэ-Актын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда эки өлкөнүн шайлоо органдарынын кызматташуусу жана шайлоону уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Кореянын Жарандык билим берүү борборуна барды, Борбор жарандарды шайлоо маселеси боюнча кеңири маалымдоо жана окутуу программасын ишке ашырат. Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Жарандык билим берүү борбору мектеп окуучулары, студенттер, шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жаштар үчүн курстарды, ошондой эле болочок талапкерлер үчүн саясий лидерлик курстарын жана башкалар үчүн курстарды өткөрөт. Жарандык билим берүү борбору 1992-жылы түзүлгөн жана Кореяда демократиянын жана адам укуктарынын баалуулуктарын жайылтууга кѳмѳктѳшкѳн белгилүү институтка айланган.

КР БШК Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу жарандык билим берүү боюнча ушундай борбордун методологиясын иликтеп үйрѳнүүгѳ кызыкдар экенин билдирди.

Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Кыргызстандын шайлоо системасынын түрдүү аспектилерин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

КР БШКнын делегациясы ошондой эле шайлоодо колдонулуп жаткан технологиялар, бюллетендерди эсептѳѳ үчүн жабдуулар жана башкалар менен таанышты. Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү добуш берүүнүн жыйынтыктарын чагылдыруу жана пайда болгон кырдаалдарга жооп берүү боюнча кырдаал борборунун ишинин уюштурулушунун даярдыгын көрсөтүштү.

Ошондой эле КР БШКнын делегациясы кореялык шайлоо жабдууларын өндүрүүчүлөр менен жолугушуп, анда идентификациялык жабдууларды модернизациялоо жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын жаңылоо маселелери талкууланды.

8-апрелде Эл аралык байкоолор программасынын алкагында КР БШК Сеулдагы “Заманбап демократиянын кризиси жана чакырыктары: тез өзгөрүүлөрдүн доорунда жаңы жолду түзүү” аттуу глобалдык шайлоо форумуна катышты. Форумда дүйнөдөгү шайлоонун саясий поляризациясы, жасалма интеллекттин шайлоого тийгизген таасири, шайлоону башкарууда жана саясий партиялардын, талапкерлердин үгүт иштеринде жасалма интеллект алып келе турган мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер талкууланды.

Шайлоо күнү, 10-апрелде КР БШК делегациясы Сеул шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында болуп, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздү. Делегациянын мүчөлөрү шайлоочулар, шайлоо органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү байкоочулар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясы Корея Республикасынын бир палаталуу мыйзам чыгаруу органы болуп саналат.

Улуттук ассамблея 4 жылдык мөөнөткө шайланган 300 депутаттан турат. Алардын ичинен 254 депутат бир мандаттуу округдар боюнча, 46 депутат пропорционалдык система боюнча шайланат.

Шайлоочулардын саны 44 миллиондон ашык адамды түзѳт.

14592 шайлоо участогу, Корея Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде 220 шайлоо участогу түзүлгөн.

Парламенттик шайлоого 38 саясий партия катышууда.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>