Башкы Жаңылыктар КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №9 Кара-Суу …

КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин ортосунда мыйзамдын алкагында шайлоо өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

05-Апр, 2024

КР ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин ортосунда мыйзамдын алкагында шайлоо өткөрүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Бүгүн – 2024-жылы 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнүтөн мурда шайлоого катышуучу депутаттыкка талапкерлердин ортосунда Меморандумга кол коюу болуп өттү.

Кол коюуга КР БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров, талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү катышты.

Мөөнүтөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлер ортосунда Меморандумга кол коюу  эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат.

Меморандум – бул катышуучулары мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин сактоого милдеттенүүчү келишим.

Документке кол коюу менен, талапкерлер өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга,  Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын нормаларын сактоого;
  • шайлоо өнөктүгүн ачык-айкындуулуктун жана өз ара урматтоонун, жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын артыкчылыктуулугунун, мыйзамдын үстөмдүгүнүн принциптеринде жүргүзүүгө;
  • катышып жаткан талапкерлер жана шайлоо процессинин башка катышуучулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды ачык, эл алдында мыйзамдын негизинде чечүүгө;
  •  шайлоо процессинде этикалык жана моралдык жүрүм-турумду сактоого, булганыч технологияларды пайдаланбай туруп үгүт иштерин жүргүзүүгө, бири бирибизге ак ниет мамиле жасоого;
  • башка талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген жалган маалыматтарды камтыган басылмаларды жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык тармактарда таркатпоого;
  • социалдык жаатташуу жана каршылашуу, жалаа жабуу, тике жана кыйыр түрдө диний тематиканы колдонуу же таянуу, ошондой эле   күч колдонууга жана коомдук тартипти бузууга көкүтүү камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
  • добуш берүү күнүнө чейин жана добуш берүү күнү шайлоочулардын добуштарын сатып алууга өзүнүн катышуусун жана өз өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, үгүт жүргүзүүчүлөрдүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусун болтурбоого, шайлоочуларды сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрөшүүгө, анын ичинде укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;
  • өздөрүнүн максаттарына жетүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;
  • социалдык жаатташуу жана каршылашуу, жалаа жабуу, тике жана кыйыр түрдө диний тематиканы колдонуу же таянуу, ошондой эле   күч колдонууга жана коомдук тартипти бузууга көкүтүү камтылган камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
  • добуш берүү жана добуштарды эсептөө процессинде, жарандардын өз эркин билдирүү эркиндигине укуксуз жолдор менен таасир этүү аракеттерди кылбоого;
  • шайлоо процессинин бардык катышуучуларына карата ачык болуу жана сыйлоо принциптеринин негизинде таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүгө ар тараптуу көмөктөшүүгө, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын ишине көмөк көрсөтүүгө;
  • шайлоо өнөктүгү шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки мезгилде жагымдуу жана тынч кырдаалга көмөктөшкөндөй жагдайда шайлоо өнөктүгүн уюштурууга жана өткөрүүгө
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын чараларын колдоо жана шайлоонун мыйзамдуулугун, ачыктыгын, эркиндигин жана адилеттүүлүгүн камсыз кылууга багытталган шайлоо мыйзамдарынын толук ишке ашырылышына көмөктөшүү.

 

Меморандум шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө калыс жана талапкерлер менен өз ара аракеттенүүгө ачык болууга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына – административдик ресурстарды колдонууга жол бербөөгө жана шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга,  ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын - бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербей, адилеттүү жана обьективдүү болууга чакырабыз.

 №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ортосундагы Меморандум

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>