Башкы Жаңылыктар Ош шаардык кеңешинин сессиясы ААР алкагында жаңыланган жергиликтүү …

Ош шаардык кеңешинин сессиясы ААР алкагында жаңыланган жергиликтүү кеңештердин уюштуруу сессияларынын графигин түзүүнү аяктады

22-Мар, 2024

2024-жылдын 20-мартында ААР алкагында Ош шаарына кошулган Кара-Суу районунун айыл аймактарынын депутаттарынын катышуусунда Ош шаардык кеңешинин жаңыланган курамынын сессиясы болуп өттү. Сессияга 117 депутаттын ичинен 80 депутат катышты. Сессияны Ош шаардык кеңешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович тарабынан чакырылган.

Ош шаардык кеңешинин сессиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаров, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош АШКдагы атайын өкүлү Д. Даминов, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы К. Бердибекова катышты.

Сессия башталар алдында Ош АШКнын төрайымы Бердибекова Кулийпа кеңештин жаңыланган курамы тууралуу маалымат берип, пилоттук режимде ѳтүп жаткан ААР максаттарын жана милдеттерин баяндап, пилоттук режимде Ош шаарынын административдик-аймактык түзүмүндөгү өзгөртүүлөр тууралуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин жана ААР негизинде депутаттардын статусу жѳнүндѳ айтып берди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун төмөнкү айыл аймактары жана участоктору пилоттук режимде Ош шаарына кошулат:

- Кызыл-Кыштак айыл аймагы (калкы – 42207, 31 мандат),

- Төлөйкөн айыл аймагы (калкы – 32256, 31 мандат)

- Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жым жана Жийделик аймактары (калкы – 12877, 7 мандат);

- Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участкасы (калкы – 5209, 3 мандат);

- Папан айыл аймагынын Ак-Буура 1, 2, 3 жана 4 участкалары (калкы - 1833).

Кара-Суу районунун бул айыл аймактарын жана участокторун Ош шаарына кошуунун натыйжасында:

- калктын саны 454 858 адамга көбөйдү. (мурда 361 300 адам),

- шаардык кеңештин депутаттарынын саны 117 адамды түздү (мурда 45 депутат болгон).

Муну менен Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 Жарлыгы менен бекитилген ААР Жол картасында аныкталган иш-чаралар аяктады, анда (5-пункт) «жаңыдан уюшулган айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ишин уюштуруу жана тѳрагаларын шайлоону ѳткѳрүү» каралган.

 

Бул иш-чараларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жүктөлгѳн.

129 жергиликтүү кеңеште ААР пилоттук режимде өткөрүүнүн максаттары жана тартиби, жаңыдан уюшулган айылдык аймактардын жана шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ишин уюштуруу, жаңыдан түзүлгөн айылдык кеңештердин төрагаларын шайлоону өткөрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

1-этапта 2024-жылдын 20-февралынан 22-февралына чейин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун бириккен 116 айылдык кеңешинин жана Шамалды-Сай шаардык кеңешинин сессиялары өтүп, анда жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана алардын орун басарлары шайланган.

2-этапта 2024-жылдын 4-мартынан 20-мартына чейин 12 шаардык кеңештин сессиялары өттү.

Жалпысынан ААР алкагында пилоттук режимде шаарлардын жана айыл аймактарынын административдик-аймактык чек араларын өзгөртүүнүн натыйжасында 484 кеңештин ордуна 268 шаардык жана айылдык кеңештер иштей баштайт.

 

Маалымат иретинде:

 

Жергиликтүү кеңештердин уюштуруу сессиялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобого” ылайык өткөрүлдү.

Жободо төмөнкүлөр белгиленген:

3-пункт: «Айылдык аймакты/айылдык аймактар жана/же айрым калктуу пункттар шаардын курамына кошулганда айылдык кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат, шаардык кеңештин статусу өзгөрбөйт, шаардык кеңештин төрагасы кайра шайланбайт. Шаардык кеңеш анын курамына кирген айылдык кеңештердин укук мураскору болуп калат»;

4-пункт: «Айылдык аймактарды бириктиргенде, бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат.”.

8-пункт: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттары ѳздѳрү тийиштүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айылдык аймак, калктуу конуш бириккен же кошулган айылдык аймактын же шаардын кеңешинин курамында ѳз ишмердигин улантат. Ошол эле учурда алардын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин же мыйзам менен жөнгө салынрганга чейин сакталат».

 

 

КР БШК ммалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>