Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым …

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

09-Мар, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы Кадамжай, Кемин, Алай, Базар-Коргон жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

 

8 депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаттар жергиликтүү кеңештин жаңы 8 депутатына берилди.

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагыКадамжай шаардык кеңешинин «Ынтымак» парламенттик фракциясынан депутаты Божоев Эркинбай Абдукайымовичтин (1) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ынтымак» саясий партиясынан Пазылов Руслан Абидиновичке (6) өткөрүлүп берилди;

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кеңешинин (№2 Жал шайлоо округу) депутаты Эркебаев Алманбек Боронбаевичтин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Адахам уулу Акжолго берилди;

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин (№1 Кара-Жыгач шайлоо округу) депутаты Муратова Латифанын каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Тагаев Мирзаакмат Абдиразаковичке берилди;

 

Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаардык кеңешинин «Кыргызстан» парламенттик фракциясынан депутаты Бейшенов Замирбек Анарбековичтин (4) ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Кыргызстан» саясий партиясынан Мажитов Дениз Абдымомуновичке (6) берилди;

 

Чүй облусунун Кемин районундагы Чоң-Кемин айылдык кеңешинин (№1 шайлоо округу) депутаты Бекназар уулу Талгаттын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Качкынов Жанек Жумабековичке берилди;

 

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылдык кеңешинин (№1 Сары-Могол шайлоо округу) депутаты Пиримкул кызы Бүүжандын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат Турдукан Байжановна Мыйматовага;

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айылдык кеңешинин (№1 Чарбак шайлоо округу) депутаты Мамадалиева Хийитихан Махаматкуловнанын ыйгарым укуктары жеке жазган арызынын негизинде токтотулду. Мандат Токоева Зулкумар Сулеймановнага өткөрүлүп берилди;

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин «Энергетиктер» парламенттик фракциясынан депутаты Эстебес уулу Тилектин (8) ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Энергетиктер» саясий партиясынан Джуробаев Жеңиш Сатаралиевичке (22) ѳткѳрүлүп берилди;


КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>