Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 2-февралындагы жыйынында “Альянс” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Оргалча Токтобүбүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Чечим Оргалча Токтобүбүнүн “Альянс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жеке арызынын негизинде кабыл алынды.