Башкы Жаңылыктар Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: "Шайлоону оюн аркылуу билүү"

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: "Шайлоону оюн аркылуу билүү"

01-Фев, 2024

2024-жылдын 1-февралында Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү Жарандык билим берүү борбору билим берүү мекемелери менен биргеликте интерактивдүү иш-чараларды өткөрдү.

Жаштарды өнүктүрүү институту менен биргеликте № 63 Ч.Т. Айтматов атындагы мектеп-гимназиясында жана № 29 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинде мектеп окуучулары үчүн стол оюндары өткөрүлдү.

Төраганын орун басары Т.Шайназаров шайлоонун орду жѳнүндѳ баяндап, мамлекеттин өнүгүүсүнө тийгизген таасирине, жарандардын шайлоо укуктарына, жаштардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал балдарды келечектеги шайлоочулар катары өздөрүнүн жарандык позициясын активдүү көрсөтүүгө, бийликке татыктуу талапкерлер келүүсү үчүн келечекте өз тандоосуна аң-сезимдүү жана жоопкерчилик менен жасоого чакырды.

Жыйынтыгында балдар шайлоо, алардын укуктары жана милдеттери, шайлоо кандай өткөрүлөт, эмне үчүн зарыл экендиги тууралуу билимдерин кеңейтип, добуш берүү процесси боюнча практикалык түшүнүк алышты, ошондой эле шайлоо процессин, адамдын жана жарандын укуктарды жакшыраак түшүнүү үчүн түзүлгөн

«Парламент» жана «Укугуңду тап» деген интеллектуалдык оюндарга катышты.

Активдүү катышуучулар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Шайлоо укуктары жана процесси тууралуу билимдин дагы бир булагы QUIZ интеллектуалдык оюну болду.

Бул QUIZ викторинасы Борбордук Азиянын Эл аралык дебаттык билим берүү ассоциациясы (IDEA CA) менен биргеликте Бишкек гуманитардык университетинин студенттери үчүн жаштардын шайлоо укуктары тууралуу маалымат берүү аркылуу жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Борбордук Азиядагы Эл аралык дебаттык билим берүү ассоциациясынын (IDEA CA) директору А.Русланова куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлѳдү.

БШК тѳрагасы Н.Шайлдабекова жаш шайлоочуларга шайлоо реформасынын тарыхы, шайлоочулардын сөз эркиндигин камсыз кылуу жана шайлоонун жыйынтыгын так эсептөө үчүн мамлекет тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканына эмне себеп болгондугу тууралуу айтып берди. Ал буга чейин мамлекет шайлоо укуктарын эркин ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүп бергенин, бирок шайлоонун жыйынтыгын жарандар өздөрү аныктай турганын түшүндүрдү. Ошондуктан алардын өз тандоосун аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү кылышы абдан маанилүү.

QUIZ викторинасына 8 команда катышты. “Шайлоочулар үчүн кѳнүгүү”, “Талапкер”, “Кел, “Бул ким?” Бул эмне?», «Акыркы мүмкүнчүлүк» деген бир нече турлар ѳткѳрүлдү.

Оюндун катышуучулары шайлоо мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо процессин билүүсү, логика жана сын ой жүгүртүү боюнча ат салышты.

Оюндун жыйынтыгында төмөнкү үч команда жеңүүчү аталды:

1-орун – “Жарандар”

2-орун – “Президенттик администрация”

3-орун – “Биримдик”

Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Жарандык билим берүү борбору бул иш-чараларды өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ПРООНго, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине жана «Эгль» коомдук фондуна ыраазычылык билдирет.

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>