Башкы Жаңылыктар Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: Жаш жарандын мектеби

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: Жаш жарандын мектеби

01-Фев, 2024

2024-жылдын 31-январынан 2-февралына чейин Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүн майрамдоого карата КР БШК Шайлоо системаларынын Эл аралык Фонду (IFES) менен биргеликте студенттер үч күндүк Жаш жаран мектебин өткөрөт.

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата Жаш жаран мектебин өткөрүү акыркы жылдардан бери жакшы салт болуп калды.

            Жаш жаран мектебинин биринчи күнүндө студенттер Жогорку Кеңешке экскурсияга барып, парламенттин ишмердүүлүгү жана тарыхы менен таанышты.            
     Жаштар КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Маматалиев менен жолугушуп, жолугушууда жаштар  шайлоо жана инсандык өнүгүү темалары боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти. Өз кезегинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты жаштарды мамлекеттин турмушунда  жигердүү болууга, ошондой эле өз тармагында лидер болууга умтулууга чакырды.
                        Экинчи күнү студенттерди Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү менен КР БШК тѳрагасы  Н.Шайлдабекова жана Эл аралык шайлоо системалары фондунун (IFES) директору Кетеван Майсурадзе куттукташты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жаш шайлоочуларга шайлоонун ролу, мамлекеттин өнүгүүсүнө тийгизген таасири, шайлоо реформасын баштоонун алдында турган милдеттер, жаштардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүп берди. Ал шайлоо жаатындагы айрым цифралар жана фактылар менен ой бөлүшүп, шайлоо технологияларын колдонуудагы эл аралык тажрыйбага, башка өлкөлөрдүн саясий маданиятына токтолду.
            Иш-чаранын жүрүшүндө КР БШК мүчөсү К.Маматов жаш шайлоочуларга жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу эмне үчүн мынчалык маанилүү экенин, алар бүгүнкү жана эртеңки саясий процессте келечекти калыптандырууда добуш берүү укугуна ээ экендигин айтып берди. Анткени, жаштардын муктаждыктарын эске алган туруктуу жана тынч коомду куруу үчүн шайлоолорго жаштардын инклюзивдүү катышуусу абдан маанилүү.
            КР БШК мүчөсү, БШКнын мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Жумалиева   коомчулукту маалымдоону  жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жѳнүндѳ,  ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын саясий турмушка бирдей жана инклюзивдүү катышуусунун маанилүүлүгүн түшүнүү, талапкер катары пассивдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын потенциалын жана мотивациясын жогорулатуу тууралуу жаш шайлоочулар менен ой бѳлүштү. 
            Республика боюнча бардык шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө 18-29 жаштагы жаш шайлоочулардын үлүшү 32%ды түзөөрүн, бул 1201533 адам экендигин  эске алсак, саясий чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын өкүлчүлүгү жана катышуусу өтө  маанилүү.
               Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 “Жаштар жөнүндө” жаңы Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу жаштардын жашы 35 жашка чейин жогорулатылды. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-февралынан тартып күчүнө кирет.
               Эми республика боюнча шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндө жаш шайлоочулардын (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) үлүшү 43,57%ды түзөт, бул 1 735 417 адам дегшенди билдирет. 
            Ошону менен бирге, жаштар саясий институттарда жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринде, анын ичинде шайлоолордо татыктуу өкүл болушу үчүн алар өз укуктарын билиши жана бардык деңгээлдерге толук кандуу катышуу үчүн зарыл билимге ээ болушу керек.
            Жаш жаран мектеби программасы бай жана кызыктуу. Катышуучуларга мамлекеттик бийлик системасы, адам жана жарандык укуктар тууралуу билимдерден тышкары, шайлоонун ачык-айкындуулугун жана аныктыгын  камсыз кылган шайлоо технологияларынын иши көрсөтүлүп, добуш берүү жол-жоболору моделдештирилди.   
            Үч күндүк Жаш жаран мектебинин программасы аяктагандан кийин катышуучулар сертификаттарга ээ болушат.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>