Башкы Жаңылыктар Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын …

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү: Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдары аялдардын шайлоого катышуусуна жардам берет

01-Фев, 2024

Жыл сайын февраль айынын биринчи бейшембисинде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнүн алкагында КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан бир катар маалыматтык агартуучулук иш-чаралары уюштурулду жана өткөрүлдү.

2024-жылдын 1-февралында Жалал-Абад шаарында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБ) менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган жергиликтүү кеңештердин аял депутаттьарынын клубунун жыйыны болуп өттү.

Клубдун жыйынына Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттары катышты. Модератор катары Авазкан Ормонова (Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин жергиликтүү кеңешинин депутаты) жана Салия Акулова (БАМУ) иш алып барышты.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Анара Дубанбаева мамлекет тарабынан чечимдерди кабыл алуу процессинде аялдардын активдүүлүгүн күчөтүүгө багытталган чаралар жѳнүндѳ айтып берди.

Аялдар калктын 52%дан ашыгын түзөөрүнө карабастан, айылдык кеңештердин деңгээлиндеги шайлануучу органдарда алардын өкүлчүлүгү төмөн бойдон калууда. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында бирдей тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттеринин алкагында аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өкүлчүлүгүнө жана жергиликтүү деңгээлде башкарууга катышуусуна шарттарды түзүү боюнча атайын мыйзамдык чаралар кабыл алынган.

2019-жылы жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу максатында ар бир шайлоо округу боюнча айылдык кеңештерде мандаттын 30%дан кем эмесин аялдарга калтыруу нормасы киргизилген.

2021-жылы 448 жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жогоруда көрсөтүлгөн норма ишке ашырылып, айылдык кеңештердин депутат аялдарынын өкүлчүлүгүн 9,6%дан 38,76%га чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Анара Дубанбаева жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына аялдардын катышуусу мамлекет тарабынан колдоого алынып жаткандыгына таянып, аялдарды кийинки жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышууга чакырды. Ал бардык катышуучуларга жергиликтүү коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн натыйжалуу жана жемиштүү иштөөнү, ошондой эле үзүрлүү эмгеги үчүн жергиликтүү жарандардын коомдук баасына таттууну каалады, бул кийинки шайлоо циклинде ишенимди жана колдоону бекемдөөгө негиз болорун белгиледи.

Караева Салимахан (Сузак району, Кара-Дара айылдык кеңеши), Орозбаева Тиллакан (Кара-Суу району, Сарай айылдык кеңеши), Исмаилова Зайнабкан (Кадамжай району, Масалиев айылдык кеңеши) жетишкендиктери менен ой бөлүшүп, демилгеленген жана ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлор тууралуу, жергиликтүү жамааттар, алардын муктаждыктары, ошондой эле алардын ишиндеги орун алган көйгөйлөр жана тоскоолдуктар жөнүндө айтып беришти.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын даректүү колдоо көрсөтүү планын жана аял депутаттардын арасында насаатчылык программасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында БШК жана БАЖБ тренингдерди жана вебинарларды өткөрүү, эксперттердин насаатчылык колдоосун көрсөтүү, ошондой эле республика боюнча клубдардын тармагын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча иштерди улантуу боюнча макулдашылды.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>