Башкы Жаңылыктар КР БШК 2024-2027-жылдарга Стратегиялык планды бекитти

КР БШК 2024-2027-жылдарга Стратегиялык планды бекитти

31-Янв, 2024

2024-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-2027-жылдарга стратегиялык планды бекитти.

КР БШКнын стратегиялык планы кезектеги шайлоо циклин даярдоо жана өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын андан ары өркүндөтүү боюнча БШКнын башкаруу ишинин стратегиялык багыттарын, максаттарын, милдеттерин жана натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктаган документ болуп саналат.

Шайлоолор аралыгындагы мезгилде БШКнын алдында башкы милдет - шайлоо системасын андан ары реформалоону ишке ашыруу, алдыдагы шайлоо циклинин туруктуулугун камсыз кылуу жана мындан ары дагы көбүрөөк инклюзивдүүлүккѳ, айкындуулукка жана мыйзамдуулукка жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2024-2027-жылдарга стратегиялык планы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды андан ары ѳркүндѳтүү жана шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, шайлоонун ишенимдүүлүгүн жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн технологияларды өркүндөтүү, программалык-техникалык комплексти жаңылоо, шайлоочулардын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана жарандык билим берүүнү өнүктүрүү, аткарылган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, КР БШКнын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана инновациялык ыкмаларын чыңдоо , мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, кызыкдар уюмдар, анын ичинде шайлоо чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк маселелери боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өнөктөштүктү күчөтүү боюнча стратегиялык милдеттерди белгилейт.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>