Башкы Жаңылыктар КР БШК өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында …

КР БШК өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында шайлоо комиссияларынын милдеттерин карады

30-Янв, 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 29-январында КР БШК өлкөдө жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айыл аймактарында жана шаарларында шайлоо комиссияларынын милдеттерин карады.

2023-жылдын 29-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 Жарлыгы кабыл алынган.

Жарлыкта административдик-аймактык реформаны (ААР) Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүү каралган.

Жарлыкта мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын органдарынын милдеттери белгиленген; административдик-аймактык реформаны пилоттук режимде жүргүзүү боюнча Жол картасы бекитилген.

Жарлыкты ишке ашырууда, БШКнын ыйгарым укуктарынын чегинде административдик-аймактык реформага байланыштуу зарыл чараларды өз убагында жана сапаттуу кабыл алуу, БШКнын ААР алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү үчүн КР БШК шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча борбордук орган катары БШКнын жана аймактык шайлоо комиссияларынын алдына бир катар милдеттерди белгиледи:

- пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн максаттары жана тартиби жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен бекитилген Жол картасынын 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын органдары менен ѳз ара аракетте жаңыдан уюшулган айылдык аймактардын жана шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ишин уюштуруу, тѳрагалдарын шайлоону ѳткѳрүү боюнча аймактык шайлдоо комиссияларын координациялоо жана ишин уюштуруу-усулдук жактан камсыз кылуу (шайлоо комиссияларынын ишинин графиги, координациялоо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү , ж. б.);

- административдик-аймактык реформаны ишке ашырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча БШКнын ыйгарым укуктарынын чегинде кадамдык чараларды иштеп чыгуу максатында пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга туруктуу мониторинг жана талдоо жүргүзүү;

- жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашырууга байланышкан уюштуруучулук, усулдук жана финансылык чараларды кабыл алуу.

 

Азыркы учурда республика боюнча 484 жергиликтүү кеңеш бар, анын 32си шаардык жана 452си айылдык кеңештер бар экенин белгилѳѳ зарыл.

Мандаттардын саны – 9062 (ш/к 920, а/к 8142), шайлоо округдары – 1418.

• Бишкек шаарында 45 мандат, 1 шайлоо округу;

• Баткен облусунда 827 мандат, 141 шайлоо округу;

• Ош областы боюнча 1981 мандат, 373 шайлоо округу;

• Жалал-Абад облусунда 1696 мандат, 279 шайлоо округу;

• Чүй облусунда 1882 мандат, 239 шайлоо округу;

• Талас облусунда 628 мандат, 89 шайлоо округу;

• Нарын облусунда 884 мандат, 122 шайлоо округу;

• Ысык-Көл облусунда 1074 мандат, 173 шайлоо округу.

 

93 жергиликтүү кеңеште (18 шаардык жана 75 айылдык кеңеш) административдик чек аралар өзгөртүүсүз калтырылды, анын ичинде:

  1. Баткен облусунда 25 ж/к (5 шаардык: Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Раззаков жана 20 айылдык кеңештер). Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен облусунун Баткен жана Сүлүктү шаарларында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктаганга чейин административдик-аймактык реформа жүргүзүү токтотулду;
  2. Ош облусунда 30 ж/к (2 шаардык: Өзгөн, Ноокат жана 28 айылдык кеңештерде);
  3. Жалал-Абад облусунда 14 ж/к (4 шаардык: Кара-Көл, Базар-Коргон, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак жана 10 айылдык кеңештеринде);
  4. Чүй облусунда 18 ж/к (5 шаардык: Кемин, Орловка, Шопоков, Кайыңды, Токмок жана 13 айылдык кеңештер);
  5. Талас районунда 2 ж/к (1 шаар: Талас шаары жана 1 айылдык кеңеш);
  6. Нарын облусунда 2 ж/к (1 шаар: Нарын шаары жана 1 айылдык кеңеш);
  7. Ысык-Көл районунда 2 айылдык кеңеш бар.

 

Административдик-аймактык чек араны ѳзгѳртүү 391 жергиликтүү кеңеште (14 шаардык жана 377 айылдык кеңештер) жүргүзүлүү каралган:

Натыйжада, бул өзгөртүүлөрдөн кийин 268 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 33 шаардык, 235 айылдык кеңештер каралган.

• Баткен облусунда 37 ж/к гана болгон, өзгөртүүлөрдөн кийин – 32 ж/к;

• Ош облусунда 91 ж/к гана болгон, өзгөртүүлөрдөн кийин – 61 ж/к;

• Жалал-Абад облусунда болгону 76 ж/к болгон, өзгөртүүлөрдөн кийин – 47 ж/к;

• Чүй облусунда 112 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 56 ж/к;

• Талас облусунда 38 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 17 ж/к;

• Нарын облусунда 64 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 28 ж/к;

• Ысык-Көл облусунда 64 ж/к гана болгон, өзгөргөндөн кийин – 25 ж/к.

Облустук маанидеги Таш-Көмүр шаарынын курамына кирген Шамалды-Сай шаар түрүндѳгү шаарча райондук маанидеги шаар – Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Шамалды-Сай шаары болуп кайра түзүлдү.

 

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>