Башкы Жаңылыктар «Кыргыз Жараны» деп жарандардын ѳзүн ѳзү таануусун жана …

«Кыргыз Жараны» деп жарандардын ѳзүн ѳзү таануусун жана баалуулуктарды калыптандыруу боюнча тарбия иштерин жүргүзүү боюнча мугалимдер үчүн тренинг болуп ѳттү

18-Дек, 2023

КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана «PeaceNexus» фонду менен биргеликте 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын (мындан ары – Кыргыз Жараны концепциясы) жүзѳгѳ ашыруу алкагында каралган усулдук окуу куралын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында класстан сырткаркы иштерди уюштуруу үчүн Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү боюнча усулдук жетекчиликти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында «Кыргыз Жараны» жарандардын ѳзүн таануусун жана баалуулуктарды калыптандыруу боюнча 9-11-класстарда тарбия ишин жүргүзүү боюнча мугалимдер үчүн усулдук окуу куралынын жана окутуу модулунун долбоору иштелип чыккан.

2023-жылдын 14-декабрынан 16-декабрына чейин ушул усулдук окуу куралын жана окутуу модулун апробациялоо боюнча орто мектептин мугалимдери үчүн машыктыргычтардын тренинги болуп ѳттү.

Тренингдин катышуучуларынын курамы бардык облустардын, шаардык/айылдык мектептердин, ар түрдүү тилде сабак берген мектептердин ѳкүлдѳрү эске алынуу менен түзүлгѳн. Кыргыз Жараны концепциясында тѳмѳндѳгү 5 артыкчылыктуу багыттар белгиленгендиги белгилүү:

1. Кыргыз жараны деп жарандардын аң-сезимдүү түрдѳ өзүн ѳзү таануусун түшүнѳ билүүсүн калыптандыруу.

2. Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдѳѳ, толерантуулукту жогорулатуу жана кѳп түрдүүлүктүн баалуулуктарын барктоону сактай билүү.

4. Башкарууга жана чечимдерди кабыл алуу процессине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу.

5. Саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу.

Мына ушул беш багытты жүзѳгѳ ашырууга багытталган чаралар Кыргызстандын активдүү, жооптуу жана түшүнѳ билген жарандарын калыптандырууга кѳмѳктѳшѳт.

2023-жылдын ноябрында «Бирдиктүү эл – күчтүү ѳлкѳ» жалпы улуттук форумунда Президент С. Жапаров «Жалпы жарандык, биринчи кезекте алардын этникалык таандуулугуна карабастан биздин жаштардын ѳзүн ѳзү таануусун калыптандыруу маселеси элибиздин биримдигин, ынтымагын жана ѳлкѳбүздүн бүтүндүгүн бекемдѳѳнүн маанилүү шарты болуп саналат. Жалпы жарандык жана мамлекеттик биримдикти калыптандыруу жана бекемдѳѳ – биздин этникалык таандуулугубузга карабастан биз, Кыргызстандын бардык жарандары, жергебизде биргелешип жаратмандык үчүн, ѳлкѳбүздүн экономикасынын ар тараптуу ѳнүгүүсүү үчүн бирдей деңгээлде жооптуубуз, чогуу-чаран биздин жалпы ѳлкѳбүздү куруп жатабыз» деп белгилеген.

Улуттук биримдик, кѳп түрдүүлүк, толерантуулук, мамлекетти ѳнүктүрүү жана мамлекеттик институттарга жана бийликке болгон ишеним маселелери 2023-жылдын 15-16-декбарында болуп ѳткѳн экинчи Элдик Курултайдын талкуусунда чагылдырылды.

Тренингде мектептердеги жогорку класстардын окуучуларынын арасында «Кыргыз Жараны» деп жарандардын ѳзүн ѳзү таануусун жана баалуулуктарды калыптандыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Дал мына ушул мезгилде жаштардын кѳз караштары калыптанып, алдыга максат коюу, жаран катары ѳзүнүн укуктарын жана милдеттерин аңдап түшүнүү башталат.

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесинде 18 жаш куракка толгон 80 миңге жакын жаңы шайлоочулар киргизилет. Дал мына ушул куракта жаштар биздин ѳлкѳнүн келечекте ѳнүгүүсү үчүн жоопкерчиликти ала баштайт.

Тренингдин алкагында катышуучулар Кыргыз Жараны концепциясы боюнча, жогорку класстагы окуучулардын ѳзгѳчѳлүктѳрү жана тарбиялоо ишин уюштуруунун ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча ѳздѳрүнүн билимин кеңейтип, сабак берүүнүн жаңы усулдарын ѳздѳштүрүп, тарбия берүүнүн жана окутуунун жаңы форматтары менен таанышты.

Катышуучулар тарбиялоо ишиндеги ѳздѳрүнүн усулдары жана мыкты тажрыйбалар менен бѳлүшүп, тигил же бул маселелерди чечүүнү жаңы кѳз карашта карап, болуп жаткан кѳйгѳйлѳрдү талкуулашты.

Соңунда тренингдин катышуучулары «Кыргыз Жараны» ар бирибизден башталарын, ошондуктан бул процессте жооптуу жарандарды калыптандырууда мугалимдин салымы ѳтѳ маанилүү деген бир пикирге келишти.

Жыйынтыгында мугалимдерден келип түшкѳн сунуштарды эске алуу менен усулдук окуу куралы жана окутуу модулу толукталып иштелип чыгып, ведомстволор аралык жумущчу топто бет ачары болуп, КР Билим берүү жана илим министрлигине бериле турган болду.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>