Башкы Жаңылыктар Шайлоодо коррупцияга каршы чараларды билүү боюнча жашатар үчүн …

Шайлоодо коррупцияга каршы чараларды билүү боюнча жашатар үчүн Quiz Night ѳткѳрүлдү

12-Дек, 2023

КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоотехнологиялары борбору Шайлоо системасынын эл аралыкфонду (IFES) менен биргеликте коррупцияга каршыкүрѳштүн эл аралык күнүнѳ карата Quiz Nightинтеллектуалдык оюнун ѳткѳрдү.

Жыл сайын 9-декабрда бүткүл дүйнѳ коррупциягакаршы күрѳштүн эл аралык күнүн белгилейт.

Кыргыз Респрубликасы 2005-жылы Бириккен УлуттарУюмунун коррупцияга каршы Конвенциясынратификациялаган. Конвенцияга кол койгон мамлекеттерпара, сатып алуу, бийлик жана кызматтык ыйгарымукуктарынан жана башка абалынан кыянатчылык мененпайдалануу сыяктуу аракеттерге бѳгѳт коюу чечимин кабылалган.

Ушуга байланыштуу 2023-жылдын 1-декабрынан 8-декабрына чеийн Кыргыз Республикасынын Президентининалдындагы Атикоррупциялык иштиктүү кеңеш тарабынанКР БШК менен биргеликте мамлекеттик органдардын жанажергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын ишине мониторингди ишкеашырган жарандык коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрүнүнкатышуусунда аймактардагы Жарандык жана санариптикбилим берүү борборлорунда коррупцияга каршы агартууиштери боюнча жумалык ѳткѳрдү.

Жаштар үчүн Quiz Night коррупцияга каршы күрѳштүнэл аралык күнүнүн алкагында КР БШКнын жарандыкбилим берүү жана шайлоо технологиялары борборутарабынан ѳткѳрүлгѳн иш-чаралардын топтомунун аяктоочуиш-чарасы болду.

КР БШК тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова шайлоопроцессинде коррупциялык негиздерди жок кылуу боюнчаѳткѳрүлүп жатка ниш-чаралар жѳнүндѳ студенттергемаалымдап берди. Мурда добуш берүүнүн жыйынтыктарынжана шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳдѳ дал мына ушулкоррупциялык негиздердин болгондугу добуш берүүнүбурмалоо жана кризистерге жана бийликти революциялыкжол менен ѳзгѳртүүгѳ алып келген жарандардынишенбѳѳчүлүгүнүн башкы себептеринен болгон.

Кыргыз Республикасында шайлоолорду ѳткѳрүүнүначык-айкындыгына жана аныктыгына жетүү, бардыккоррупциялык коркунучтарды четтетүү максатында КР БШК тарабынан шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жанабиометрикалык маалыматтардын негизинде алардыидентификациялоону жана автоматтык эсептѳѳ урналарын(АЭУ) пайдалануу менен шайлоочулардын добуштарынавтоматтык эсептѳѳнү караган жаңы шайлоо модели ийгиликтүү колдонулду.

Шайлоо процессин башкарган органдар тарабынаншайлоого катышуунун жана добуш берүүнүн жыйынтыгынбурмалоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жаңытехнологияларды ишке киргизүү коррупция үчүннегиздерди иш жүзүндѳ жок кылууга мүмкүнчүлүк берди

Коррупциялык кѳрүнүштѳрдүн элдешкис субьектисикатары жаштар шайлоодо чыныгы күчкѳ ээ жанашайлоонун натыйжаларына таасир этүүгѳ бардыкмүкүнчүлүктѳрү бар.

 

 

 

 

 

Муну билүү кызык!!!

 

«Жаштар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 жаңы мыйзамынын кабыл алынышы менен жаштардын курагы 35 жашка чейинжогорулады. Бул мыйзам 2024-жылдын 8-феварында күчүнѳ кирет.

Эми бүткүл республика боюнча шайлоочулардын тизмесиинин түзүмүндѳ (18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы) жаш шайлоочулардын үлүшү 43,57% болот, бул1 735 417 адамды түзѳт.

 

 

Quiz Night интеллектуалдык оюнуна 10 команда катышты. Оюндун жүрүшүндѳ шайлоо, коррупцияга каршымыйзамдар, жалпы билими жана логика боюнча суроолорберилди. Жеңишкен биринчи үч команда - «Альянс», «Пламя» жана «Кратос» баалуу сыйлыктарды алышты.

 


Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>