Башкы Жаңылыктар ЖАШ ЖАРАНДЫН МЕКТЕБИ! КАНТ шаарындагы «УНИКУМ КИДС» ОТКда …

ЖАШ ЖАРАНДЫН МЕКТЕБИ! КАНТ шаарындагы «УНИКУМ КИДС» ОТКда шайлоо технологияларын колодонуу менен мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президентин шайлоо болуп ѳттү.

01-Дек, 2023

КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖББ) жаштар арасында маалымдуулукту жана шайлоо процессин түшүнѳ билүүнү жакшыртуу боюнча иштердин алкагында орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде жана уюмдарында ЖАШ ЖАРАНДЫН МЕКТЕБИН ѳткѳрүп жатат.

ЖББ КАНТ шаарындагы «УНИКУМ КИДС» ОТКнын жетекчилигинин чакыруусу боюнча шайлоо технологияларын колодонуу менен мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президентин шайлоону ѳткѳрүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳттү.

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер болуп тѳмѳндѳгү 6окуучу катталды:

 

1. Адисова Дарига Адисовна
2. Шангитбаева Дария Сардаровна
3. Коомбаев Ариет Закирович
4. Узанзаев Джамаль Идрисович
5. Вудуньян Ясмина Махмутовнаокутуучулар
6. Хахаза Муххамед Бераевич

Мектеп жетекчилеринин жана окуучулардын арасынан мектептик шайлоо комиссиясы түзүлдү. Алар үчүн КР БШКнын жарандык билим берүү борбору тарабынан протоколдор жана тесттик бюллетендер иштелип чыккан. Мектептеги добуш берүү жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн колдонулган жол-жоболоруна кыйла жакындаштырылган.

Добуш берүү 2023-жылдын 1-декбарында ѳткѳрүлдү.

Шайлоочулардын тизмесине 5-9-класстардын окуучулары жана окутуучу курам – 81 шайлоочу (алардын ичинен 71 окуучу, 10 мугалим) киргизилген. Алардын ичинен 73 шайлоочу катышты (90%): окуучулар -63 (89 % окуучулардын тизмесине киргизилгендердин санынан), мугалимдер - 10 (100 % мугалимдердин тизмеге киргизилгендеринин санынан).

«УНИКУМ КИДС» ОТКнын мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президентин шайлоо жѳнүндѳ» протоколго ылайык:

2023-жылдын 1-декбарындагы мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президентин шайлоодо добуш берүүгѳ катышкан шайлоочулардын саны

73 шайлоочу (90 %): окуучулар 63 (89 % окуучулардын тизмесине киргизилгендердин санынан), мугалимдер 10 (100 % мугалимдердин тизмесине киргизилгендердин санынан).

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Адисова Дарига Адисовна 19 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 26,03 % түзѳт.

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Шангитбаева Дария Сардаровна 8 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 10,96 % түзѳт.

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Коомбаев Ариет Закирович 5 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,85 % түзѳт.

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Узанзаев Джамаль Идрисович 7 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 9,59 % түзѳт.

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Вудуньян Ясмина Махмутовна 29 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 39,73 % түзѳт.

 

Мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенттигине талапкер Хахаза Муххамед Бераевич 5 добуш алган, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,85 % түзѳт.

«Баарына каршы» позициясы үчүн 0 шайлоочу добуш берген.

Добуш берүүнүн натыйжалары боюнча «УНИКУМ КИДС» ОТКнын мектеп окуучуларынын ѳз алдынча башкаруусунун президенти болуп Вудуньян Ясмина Махмутовна шайланды.

 

Муну билүү кызыктуу!!!

«Жаштар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы №157 жаңы мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу жаштардын курагы 35 жашка чейин жогорулатылды. Бул Мыйзам 2024-жылдын 8-февралынан тартып күчүнѳ кирет.

Эми шайлоочулардын тизмесинин түзүмүндѳ жаш шайлоочулардын үлүшү 43,57%, болот, бул 1 735 417 адамды түзѳт.

 

Жыл сайын Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесине 18 жашка толгон 80 миңге жакын жаңы шайлоочулар киргизилерин белгилѳѳ зарыл.

Жаштар шайлоодо зор потенциалга жана реалдуу күчкѳ ээ, демек шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн!!!

 

КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жаштарды Жаш жарандын тектебине катышууга чакырыт, ошондой эле окуу жайларын жана бардык кызыктар тараптарды кызматташууга чакырат.

 

Пайда болгон суроолор боюнча bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча кайрылса болот.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>