Башкы Жаңылыктар Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери Кыргыз Республикасындагы …

Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери Кыргыз Республикасындагы шайлоодо санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасын изилдеп жатат

01-Дек, 2023

2023-жылдын 30-ноябрынан 1-декбарын кошуп алганда Казакстан Республикасынын эксперттери Кыргыз Республикасынын шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонуунун тажрыйбасын окуп үйрѳнүштү.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы мыйзамдар жаатында жана жаңы автоматташтырылган технологияларды ишке киргизүүдѳ аймактыгы эң мыктылардын бири болуп саналат.

Шайлоо системасын реформалоо саясий кѳп түрдүүлүк жана кѳп партиялуулук үчүн шарттарды түзүп, акыйкат, ачык, инклюзивдүү жана демократиялык шайлоолорду ѳткѳрүүнү кепилдендирет.

Бишкек шаарында 30-ноябрда болуп ѳткѳн жолугушууда БШКнын тѳрагасынын орун басары Н. Койчукеев 2012-жылы кол коюлган Кыргызстандын жана Казакстандын шайлоо комиссияларынын ортосундагы ѳз ара түшүнүшүү жѳнүндѳ меморандумунун алкагында ѳз ара мамилелердин бийик деңгээлине жетишилип, ар түрдүү иш-чаралар ѳтүп жаткандыгын белгиледи.

Н. Койчукеев Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына болгон кызыгуулары үчүн ыраазычылык билдирүү менен шайлоо процесси боюнча тажыйба бѳлүшүүгѳ даяр экендигин белгиледи. Ал ошондой эле шайлоо системасы дайыма реформаланып жана ѳркүндѳтүлүп турарын, ушуга байланыштуу кеиптештерге тажрыйба алмашуу менен бирге бүгүнкү прогесске үзѳнгүлѳш жүрүү менен тажрыйба алып турууну баса белгиледи.

Казак делегациясынын башчысы, «Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын инженердик-техникалык борбору» республикалык мамлекеттик ишканасынын директору (КР БШК ИТБ РМИ) А. Ниязов азыркы учурда Казакстан БШК шайлоодо жана референдумда санариптик чечимдерди жүзѳгѳ ашыруунун долбоордук жана техникалык ѳбѳлгѳлѳрүн иштеп чыгуу алкагында шайлоо процессин уюштуруунун дүйнѳлүк тажрыйбасын талдап жана иликтеп жатакандыгын белгиледи.

Пикир алышуунун жүрүшүндѳ казакстандык эксперттер кыргыз кесиптештеринен шайлоочулардын тизмесиненен тартып, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн окутууну уюштуруунун ѳзгѳчѳлѳлүктѳрүнѳ чейинки шайлоо процессинин бардык уюштуруучулук жана техникалык ѳзгѳчѳлүктѳрүн сурап билишти.

КР БШК кызматкерлери шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемалары жана чек аралары жѳнүндѳ, шайлоо комиссияларын түзүү тууралуу, шайлоо участкаларында добуш берүүнүн тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилѳѳ жѳнүндѳ баяндап беришти, Кыргызстандагы шайлоо процессиндеги санариптик технологиялар менен тааныштырып, шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоочуларды идентификациялоо жѳнүндѳ, добуштарды автоматтык эсептѳѳ жана маалыматтык система тууралуу презентация ѳткѳрүп, бардык суроолого кеңири жоопторду беришти.

Делегация мүчѳлѳрү бардык деңгээлдеги шайлоолордо пайдаланылган АЭУ системасы, ошондой эле жергиликтүү шайлоолордо пилоттук долбоордо пайдаланылган аралыктан жана электрондук добуш берүү үчүн техникалык жабдуулар менен таанышты.

Ошондой эле казакстандык делегация калктын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин иликтеп билүү үчүн КР Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин ѳкүлдѳрү менен жолушуту.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да активдүү кызматташууга даяр жана кызыктар экендиктерин билдиришти.

 

КР БШК басма сѳз кызматы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>