Башкы Жаңылыктар «Мекендештер-2023» форумунда электрондук жана аралыктан добуш берүү боюнча …

«Мекендештер-2023» форумунда электрондук жана аралыктан добуш берүү боюнча пилоттук долбоорлордун жыйынтыгынын бет ачары болду

11-Дек, 2023

Бул күндѳрү Бишкекте ѳтүп жаткан Мекендештер-2023» форумунда электрондук жана аралыктан добуш берүү боюнча пилоттук долбоорлордун жыйынтыгынын бет ачары болду.

Форумдун ишине чет ѳлкѳлѳрдѳ жашашкан мекендештер, коомдук бирикмелердин, диаспорлордун жана мамлекеттик органдардын ѳкүлдѳрү катышты.

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Н. Шайлдабекова катышуучуларга электрондук жана аралыктан добуш берүү боюнча пилоттук долбоорлордун жыйынтыгын сунуштады.

2022-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында болуп ѳткѳн элдик курултайда чет ѳлкѳлѳрдѳгү мекедештерден ѳкүл болуп келишкен делегаттар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго Кыргызстандын жарандарына шайлоодо онлайн-добуш берүү укугун берүү сунушу менен кайрылышкан.

Президенттин Жарлыгына ылайык Баткен облусундагы Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук жана Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнүн формасы апробацияланган.

Электрондук жана аралыктан добуш берүү формасы жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү болуп саналышкан, бирок ички же тышкы миграцияда жүргѳндүгүнѳ байланыштуу шайлоо күнү шайлоо участкаларында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок ѳлкѳнүн жарандарынын шайлоо процессине катышуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Шайлоо участкаларында добуш бере алышпаган шайлоочулардын катышуу мүкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүдѳн тышкары, жаштардын шайлоого активдүү катышуусун жогорулатуу жана аныктык жана ачык-айкындык технологияларын ѳркүндѳтүү аталган пилоттордун максаты болуп саналат.

Добуш берүүнүн электрондук формасын апробациялоонун жүрүшүндѳ Баткен районундагы 3 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берген күнү дүйнѳнүн 13 ѳлкѳсүндѳ жүрүшкѳн жергиликтүү жамааттын 841 мүчѳсү шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Добуш берүү процессинде шайлоочу «Түндүк» СМЭВ жана ЕГРН аркылуу текшерүүнүн эки фактордук идентификацясынан ѳтүшѳт. Мындан тышкары, система эки жолу добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүк бербейт, добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылуу максатында шифрлѳѳ жолу менен шайлоочунун үнүн анонимизиялайт.

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүдѳ шайлоочулардын тизмесине Бишкек шаарында жүрүшкѳн жергиликтүү жамааттын 110 мүчѳсү киргизилген, алардын 80% жаштар түзѳт.

Пилоттук долбоорлордун акыркы натыйжалары добуш берүүнүн мындай формасынын артыкчылыгын кѳрсѳтүү менен бирге, толуктап иштеп чыгууну талап кылган тобокелчиликтери да бар экенин кѳрсѳттү.

Артыкчылыктары:

- шайлоого катышуунун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу, ички жана тышкы миграцияда жүрүшкѳн жарандардын, жаштардын, ДСМЧА шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктѳрдү кеңейтүү;

- добуштарды автоматтык так эсептѳѳ;

- добуш берүүнүн жыйынтыгын ыкчам алуу;

- шайлоодо чыгымдарды кыскартуу;

Электрондук жана аралыктан добуш берүүнүн тобокелчиликтерин иштеп чыгуу үчүн милдеттер:

- байланыш каналдарынын коопсуздугун камсыз кылуунун зарылчылыгы;

- программалык жана аппараттык каражаттардын ишенимдүү киберкоопсуздугун камсыз кылуу;

- шайлоочуларды сатып алууга, ѳз эркин билдирүүнүн башка формаларына таасир этүүгѳ каршы чараларды кабыл алуу;

- шайлоочуларды үзгүлтүксүз жана так онлайн-идентификациялоону камсыз кылуу максатында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын актуалдаштыруунун зарылдыгы;

- электрондук жана аралыктан добуш берүүгѳ ишенимди камсыз кылуу максатында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгына (блокчейн ж.б. негиздерди) коомдук кѳзѳмѳлдүн ѳбѳлгѳлѳрүн түзүү;

Бет ачардын соңунда БШКнын тѳрагасы электрондук жана аралыктан добуш берүүнү колдонуу боюнча чечим таразалап ойлонулган жана ар тараптуу талдоолордун негизинде кабыл алынууга тийиш экендигин белгилеп, форумдун катышуучуларын шайлоо процессине активдүү катышууга чакырды.

 

КР БШК басма сѳз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>