Өз арызынын негизинде БШК талапкер К.М. Маматовду «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгарды
02 ноября 2023
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 2-ноябрындагы жыйналышында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматов Канатбек Мурзаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө К.М. Маматовдун өз арызынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү