Башкы Жаңылыктар Сарууда аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылды

Сарууда аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылды

19-Окт, 2023

2023-жылдын 18-октябрында Ысык-Кѳл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ жолугушуу болуп ѳттү жана жаңыдан шайланган депутаттарга күбѳлүктѳр жана тѳш белгилер тапшырылды.
Иш-чарага КР БШК тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова, Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.И. Бахавадинов, Саруу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Нурбек уулу, Ысык-Кѳл облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын начальниги О.А. Кочкоров, Жети-Өгүз АШК тѳрагасы Н.Т. Алымбаев, ошондой эле Саруу айылдык кеңешинин шайланган депутаттары жана Саруу айыл аймагынын тургундары катышты.
Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.И. Бахавадинов «Эң башкысы, шайлоо ийгиликтүү жана тынч ѳттү. Бул иште ар бириңиздердин салымыңыздар бар. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз шайлоону ийгиликтүү ѳткѳрѳ алдык. Саруу айылдык кеңешин жаңы шайланган курамы менен чогуу-чаран ишти уюштуруп, биздин айылдын алдына коюлган милдеттерин жүзѳгѳ ашырабыз деп ишенем»- деп белгиледи.
Андан ары куттуктоо сѳзүн сүйлѳѳ менен Саруу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишер бул шайлоодо мурда иштеп жаткан депутаттар кайрадан шайлангандыгын, ошондой эле алар айыл ѳкмѳтү менен биргеликте элибиздин жыргалчылыгы үчүн андан ары да иштей тургандыгына ишенгендигин билдирип, ийгиликтерди каалап кетти.
БШКнын тѳрагасы Саруу айыл аймагынын тургандарын, Саруу айылдык кеңешинин жаңы депутаттарын, укук коргоо түзүмдѳрүнүн ѳкүлдѳрүн жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын жана шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүн куттуктады.
2023-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-августундагы № 183 Жарлыгына ылайык дайындалган Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп ѳттү.
Бул шайлоо пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнү апробациялоого байланыштуу ѳзгѳчѳ мааниге ээ болду.
Жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болуп саналган, шайлоо ѳтүп жаткан Саруу айылында туруктуу каттоодо турган, бирок шайлоо күнү участкада добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок Саруу айыл аймагынын шайлоочулары аралыктан добуш берүү формасынан пайдалана алышты.
Саруу айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү тарабынан Саруу айылынын шайлоочуларынын ттищзмесин тактоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Ушундай иштердин натыйжасында 175 шайлоочу Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткандыгы же жүргѳндүгү, 29 шайлоочу Кыргызстандын башка аймактарында, 59 шайлоочу чет ѳлкѳлѳрдѳ жүрүшкѳндүгү аныкталды.
Шайлоочулардын тизмесине 6062 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен аралыктан добуш берүүгѳ 110 шайлоочу киргизилген.

Шайлоонун жүрүшүндѳ 4 шайлоо участкасы жана КР БШКнын имаратында 1 аралыктан добуш берүүшайлоо участкасы түзүлгѳн.
Шайлоодо 7 мандат менен 3 шайлоо округу түзүлгѳн (жалпы саны – 21 мандат), алардын ичинен ар бир округда аялдар үчүн 3 мандат резервге алынган (жалпы саны – 9 мандат),
13 аял талапкерлерди кошкондо 41 талапкер катталган.
Бардыгы болуп добуш берүүгѳ 1611 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын тизмесине киргендердин жалпы санынын 26,58% түзѳт.
5952 шайлоочудан 1547 шайлоочу участкаларда добуш беришкен, бул участкаларда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген сандын 25,99% түзѳт.

110 шайлоочудан 64 шайлоочу аралыктан добуш беришкен, бул аралыктан добуш берүүүчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санынын 58,18% түзѳт.
Аралыктан добуш берүү иш жүзүндѳ жаштар үчүн ыңгайлуу формат экендигин кѳрсѳттү. 64 аралыктан добуш беришкендердин 90% жаш шайлоочулар лобуп саналышат. Ошондуктан келечекте жаштарды добуш берүүгѳ тартуунун жакшы ыкмасы болот.
Кыргызстанда азыркы күндѳ 4 млн. жакын шайлоочуоар бар, алардын ичинен шайлоочулардын 25% чет ѳлкѳлѳрдѳ жүрүшѳт. Өткѳн жылы биринчи Элдик курултайда чет ѳлкѳлѳрдѳ жүрүшкѳн жарандар –делегаттар электроалдык жана аралыктан добуш берүү үчүн мүмкүнчүлүктү жана шарттарды түзүү сунушун киргизишти. КР Президентинин сунуштамасына ылайык Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Саруу айылдык кеңешине аралыктан добуш берүүдѳ электрондук добуш берүү апробацияланды. Электрондук жана аралыктан добуш берүүнү колдонуу келечекте шайлоолордо шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуунун ѳбѳлгѳсү катары кызмат кылат. Участкалык шайлоо комиссиялары жана аралыктагы шайлоо участкасы түзгѳн протоколдордун негизинде Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 11-октябрында шайлоолорду болуп ѳттү деп тааныды жана Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Шайлоонун натыйжалары боюнча 21 депутат, анын ичинде 9 аял депутат шайланган.

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде даттануулар жана арыздар келип түшкѳн жок.

2023-жылдын 16-октябрында КР БШК Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколду бекитти.
КР БШКнын тѳрагасы сѳзүнүн соңунда шайлоо процессине катышкан бардык жергиликтүү ѳз алдынча башкару органдарынын ѳкүлдѳрүнѳ жана Саруу айылынын шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н.Т. Алымбаев Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын каттоо жѳнүндѳ 2023-жылдын 17-октябрындагы № 12 чечим менен бардык катышуучуларды тааныштырды.
Анадн ары Саруу айылдык кеңешинин шайланган 21 депутатына салтанттуу түрдѳ депутаттык мандаттарды тапшыруу болуп ѳттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 17-октябрындагы № 222 чечими менен шайлоону даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ жана пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнү апробациялоону жүзѳгѳ ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн жергиликтүү ѳз алдынча башкару органдарынын башчылары жана ѳкүлдѳрү, укук коргоо органдарынын ѳкүлдѳрү. Саруу айылдык кеңешинин депутаттары, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү жана Саруу айыл аймагынын айрым шайлоочулары БШКнын ардак грамоталары менен сыйланды жана ыраазычылык билдирилди.
Саруу айылдык кеңешинин депутаты, жергиликтүү аялдар кеңешинин тѳрагасы Шаймкүл ҮмөталиеваСаруу айылынын бардык энелеринин жана эйже-сиңдилеринин атынан жаңы депутаттарга ийгиликтерди каалап, ѳткѳн чакырылыштын депутаттарынын атынан үзүрлүү иштерди улантуу үчүн эстафетаны тапшырды.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>