Башкы Жаңылыктар КР БШК ѳкүлдѳрү «КМШга катышкан мамлекеттердин электроалдык эгемендигин …

КР БШК ѳкүлдѳрү «КМШга катышкан мамлекеттердин электроалдык эгемендигин коргоо» боюнча эл аралык семинарга катышууда

13-Окт, 2023

КР БШК мүчѳлѳрү А.Г. Бекматов жана К.А. Маматов 2023-жылдын 12-13-октябрында Санкт-Петербург, Россия Федерациясы ѳтүүчү КМШга катышкан мамлекеттердин электроалдык эгемендигин коргоо» боюнча эл аралык семинарга катышууда.

Демократияны, парламентаризмди ѳнүктүрүүгѳ жана КМШ МПА катышкан мамлекеттердин жарандарынын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү эл аралык инстититу; коопсуздук жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү чѳйрѳсүндѳ мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча КМШ МПАдагы биргелешкен комиссия; коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча КМШ МПАнын туруктуу комиссиясы; Ленинград облусунун шайлоо комиссиясы; СПбГУ политология факультети семинардын уюштуруучулары болуп саналышат.

Семинарга коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча КМШ МПАнын туруктуу комиссиясынын жана коопсуздук жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү чѳйрѳсүндѳ мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча КМШ МПАдагы биргелешкен комиссиянын мүчѳлѳрү, чет ѳлкѳлѳрдүн шайлоо органдарынын, укук коргоо органдарынын, адистешкен аналитикалык борборлордун, ЖОЖдордун жана эксперттик коомдоштуктардын ѳкүлдѳрү катышууда.

Семинардын алкагында «Электроалдык эгемендикти коргоонун мыкты тажрыйбалары», «Шайлоолорго жана референдумдарга чет ѳлкѳлүк кийлигишүүгѳ каршы аракеттенүү тажрыйбасы», «Шайлоолорду жана референдумдарды ѳткѳрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу» боюнча тегерек столдор ѳткѳрүлүүдѳ.

Электроалдык эгемендикти коргоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жѳнүндѳ К.А. Мамытов ѳзүнүн докладында баяндады. К.А. Мамытов ѳз сѳзүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эркин, акыйкат жана демократиялуу шайлоолорду ѳткѳрүү үчүн укуктук шарттарды түзүп жаткандыгын белгиледи. Электроалдык эегемендикти жүзѳгѳ ашыруу максатында Кыргыз Республикасы улуттук мыйзамдарга жана демократиялуу шайлоонун эл аралык стандарттарына ылайык укуктук, саясий, маалыматтык, технологиялык чараларды кабыл алып жатат.

Мыйзамдар менен шайлоочуларга карата – 18 жаш курак, биометрикалык катталуунун болушу; талапкерлерге карата – башка мамалекеттин жарандыгынын жоктугу, мыйзамда белгиленген куракка чыгуу, мамлекеттик тилди билиши, туруктуу жашоо цензи – 15 жыл, билиминин болушу, соттуулугунун жоктугу; шайлоо процессинин башка катышуучуларына – талапкердин, саясий партиялардан талапкердин ѳкүлдѳрү, ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү, ишенимдүү адамдары – чет элдик жарадыгы бар жана жарандыгы жок адамдар болушу мүмкүн эмес экендиги каралган.

Каржылоо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү жаатында шайлоо процессине чет элдик мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башкка чет элдик юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана ѳкүлчүлүктѳрүнүн, чет ѳлкѳлүк жарандардын, чет элдик жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынында катталган эл аралык уюмдардын катышуусуна тыюу салуу каралган. Шайлоолордун аныктыгын технологиялык камсыз кылуу электроалдык эгемендикти коргоонун биринчи кезектеги чарасы болуп саналат. Шайлоочулардын так эсебин алуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу биометрикалык идентификациянын технолгоияларын, добуштарды автоматтык эсептѳѳнү ишке киргизүү жолу менен жүзѳгѳ ашырылууда.

Мыйзамдуулукту камсыз кылуу, шайлоо мыйзамдарын бузууга бѳгѳт коюу максатында шайлоолорду даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын ишин координациялоо ѳтѳ маанилүү. Бул үчүн шайлоо комиссияларында ыкчам чара кѳрүүчү координациялык топтор (ЫЧКТ) түзүлѳт, алардын курамына тийиштүү деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү, прокуратура органдарынын, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын ѳкүлдѳрү киришет. ЫЧКТ механизми шайлоодо жаралган талаш-тартыштарды ыкчам чечүүгѳ мүмкүнчүлүк берип, бузууларга натыйжалуу бѳгѳт коюп, ошондой эле шайлоочулардын укуктарын коргоо боюнча кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ жарандарга байма-бай маалымдоого мүмкүнчүлүк берет.

Киберкоопсуздукту коргоо жаатында санариптик ѳнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты түзүүдѳ жана жүзѳгѳ ашырууда Кыргыз Республикасында киберкоопсуздукту камсыз кылуу олуттуу жагдай болуп саналары белгиленди. КР БШК тарабынан туруктуу негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен ѳз ара аркетте потенциалдуу коркунучтарды алдын алуу, аныктоо жана четтетүү боюнча чаралар кѳрүлүп жатат.

 

 

КР БШК басма сѳз кызматы

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>