Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык …

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун суммасы жѳнүндѳ Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы (2023-жылдын 7-октябрына карата)

08-Окт, 2023

 

КР БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдыккеңешинин депутаттарын шайлоого катышканталапкерлердин шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо жѳнүндѳалдын-ала маалыматтарын берди.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоожѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныннормаларына ылайык талапкерлер жогоруда аталганжергиликтүү кеңештин депутаттыгына ѳзүн-ѳзү кѳрсѳткѳнучурда ѳздѳрүнүн шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо үчүншайлоо фонддорун түзүшкѳн.

Шайлоо фонддорун түзгѳн бардык акча каражаттарыулуттук валютада «РСК Банк» ААКнын жана «Айыл Банк» ААКнын атайын эсептерине которулган. Бул банкттарталапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоофонддорунун атайын эсептерин тейлѳѳ үчүн БШК тарабынан белгиленген банк мекемелеринин тизмесинекиргизилген (09.08.2023 №74 токтом).

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарыншайлоого 41 талапкер каттоодон ѳткѳн.

«Түндүк» ведомстволор аралык ѳз ара аракеттенүүсистемасы аркылуу банк мекемелеринен алынганмаалыматтарга ылайык, айылдык кеңешке талапкерлердиншайлоо фонддорунун атайын эсебине 2023-жылдын 7-октябрына карата 84999 сом келип түшкѳн, аларкайрымдуулук түрлѳрү боюнча (кайтарып берүү жанатѳлѳмдүн коддорун туура эмес кѳрсѳтүү менен) тѳмѳндѳгүдөй бѳлүштүрүлгѳн:

 

Кайрымдуулуктун түрү

Суммасы(сом)

%

55221000 – Талапкердин ѳздүк каражаттары

29655,00

34,9%

55222000 – Саясий партиянын ѳздүк каражаттары

0

0,0%

55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары

0

0,0%

55224000 –Юридикалык жактардын ыктыярдуукайрымдуулуктары

0

0,0%

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коду

55344,00

65,1%

Кайтарып берүүлѳр (банк реквизиттерин туура эмес кѳрсѳтүүж.б. байланыштуу)

0

0,0%

Бардыгы:

84999,00

100,0%

Талапкерлердин шайлоо фонддорунан каражаттардышайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдардыжабууга 81092,12 сом сарпаталган, алар:

 

Чыгашанын беренелери

Суммасы(сом)

%

14511900 – Башка салыктык эмес кирешелер ( Шайлоокүрѳѳсүн тѳлѳѳ)

40000,00

49,3%

42151510 – Банк кызмат көрсөтүүлөрү

14232,12

17,6%

44000000 – Кызматкерлердин акы төлөөсү (агитаторлордун, ыйгарым укуктуу жана ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын, өкүлдөрдүн ж.б. кызматтарына акы төлөө)

12400

15,3%

46000000 – Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкөрсөтүүлөрү

7400

9,1%

Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору

7060

8,7%

55221000 - Кайтарып берүүлѳр (банк реквизиттерин туураэмес кѳрсѳтүүгө байланыштуу, ж.б.)

 

0,0 %

Бардыгы:

81092,12

100,0%

Айылдык кеңештердин талапкерлеринин атайынэсептеринде акча каражаттарынын калдыктары 3906,88сомду түзѳт.

Маалымат иретинде: мыйзам нормаларына ылайык, айылдык кеңештин талдапкерлеринин шайлоо фонддорутѳмѳндѳгү акча каражаттарынын эсебинен түзүлңшүмүмкүн:

- талапкердин жеке каражаттары, алар 50 000 сомдонашпоого тийиш;

- жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, алардынар бири 50 000 сомдон ашпоого тийиш;

- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, алардын ар бири 50 000 сомдон ашпоого тийиш.

Шайлоо фонддорунан каражаттарды чыгымдоонун жогоркусуммасы 500 000 сомдон ашпоого тийиш.

БШКнын депозиттик эсебине киргизүү үчүн шайлоокүрѳѳсүнүн суммасы 1000 сомду түзѳт.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоожѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык тыюу салууга жатпаган жеке жана юридикалыкжактар шайлоо фонддорун түзѳ алышат.

 

Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоофонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо боюнчакеңири маалыматты БШКнын расмий сайтынан кѳрсѳ болот («Талапкер жана партия» маалымат ресурсу/»Жергиликтүүкеңешетрдин депутаттарын шайлоо» (же «Айылдыккеңештердин депутаттарын шайлоо»)/ Шайлоо фонду).

https://www.shailoo.gov.kg/media/alai/2023/09/13/2023.pdf

https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl

 

БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>