1) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исмаилов Фархат Даткабаевичтин жогорку билими жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы тууралуу» КР БШКнын 06.07.2023-ж. №63 токтомун мыйзамсыз деп таануу жѳнүндѳ Ф.Д. Исмаиловдун доосу Бишкек шаарынын Административдик соту тарабынан 2023-жылдын 3-августунда каралган жана доону канаатандыруудан баш тартылган.
Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 20-сентябрындагы аныктамасы менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 3-августундагы чечими күчүндѳ калтырылды.
2) «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алимжанов Фарходбек Айбековичтин жогорку билими жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы тууралуу» КР БШКнын 06.07.2023-ж. №62 токтомун мыйзамсыз деп таануу жѳнүндѳ Ф.А. Алимжановдун доосу Бишкек шаарынын Административдик соту тарабынан 2023-жылдын 4-августунда каралган жана доону канаатандыруудан баш тартылган.
Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 4-августундагы чечими Ф.А. Алимжанов тарабынан Бишкек шаардык сотуна даттанылган, апелляциялык тартипте ишти кароо 2023-жылдын 28-сентябрына 16-00 саатка дайындалган.
3) «№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжасы боюнча соттордун чечимдерин аткаруу тууралуу» КР БШКнын 26.08.2023-ж. №81 токтомун мыйзамсыз деп таануу жѳнүндѳ, «2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо мыйзамдардын бузулушу жѳнүндѳ укук коргоо органдарынын материалдары тууралуу» О.М. Бакировдун арызы Бишкек шаарынын Административдик соту тарабынан 2023-жылдын 15-сентябрында каралган жана доону канаатандыруудан баш тартылган.
Бишкек административдик сотунун 2023-жылдын 15-сентябрындагы чечими 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанылышы мүмкүн.