Башкы Жаңылыктар КР БШК Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык …

КР БШК Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн окуу ѳткѳрдү

18-Сен, 2023

Бүгүн 2023-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 8-октябрына дайындалган Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоого катышып жаткан талапкерлер үчүн окуу ѳткѳрдү.

Саруу айылдык кеңешиндеги мандаттардын жалпы саны -21, алардын ичинен аялдар үчүн округдарда 9 мандат резервге алынган. Кѳрсѳтүлгѳн талапкерлердин жалпы саны 41 адамды түзѳт, алардын ичинен 13 аял талапкерлер. Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши боюнча талапкерлерден келип түшкѳн бардык документтер текшерилгенден кийин, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 41 талапкер, алардын ичинен 13 аял талапкер каттоодон ѳткѳн.

КР БШК кызматкерлери тарабынан талапкерлерге жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун ѳзгѳчѳлүктѳрү, шайлоо процессиндеги ачык-айкындыктын жана аныктыктын технологиялары, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү тартиби, шайлоо комиссияларынын арыздарды жана даттанууларды кароосу, юридикалык жоопкерчилик, ошондой эле шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо эрежелери тууралуу маалымат берилди.

Депутаттыкка талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддору жѳнүндѳ маалыматтарды КР БШК ресурстарынан - «Талапкер» (http://talapker.shailoo.gov.kg/) сайтынан тапса боло тургандыгын белгилейбиз.

Окуунун катышуучуларына КР БШКнын расмий сайтында жайгаштырылган башка негизги маалыматтык ресурстар да кѳрсѳтүлдү, алар менен шайлоо ѳнѳктүгүн уюштууруу үчүн депутаттыкка талапкерлер сыяктуу эле, так маалымат алуу үчүн шайлоочулар да пайдаланса болот, алар тѳмѳндѳгүлѳр:

 

- «Тизме» (https://tizme.gov.kg/) мамлекеттик порталы, бул шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет;

 

- «Шайлоо участкалары жана округдары» (https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map) геомаалыматтык система;

- АЭУ жана кол менен эсептѳѳ маалыматтары боюнча келгендерди жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын жалпылоо үчүчн арналган маалыматтык шайлоо системасы (https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home);

  • Шайлоолор джана референдумдар боюнча статистиканы кошуп алган «КР БШКнын ачык маалыматтары» веб-ресурсу (https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytyedannye-cik/).

Ошондой эле КР БШКнын расмий сайтында атайын электрондук ресурс – даттануулар жана кайрылуулар реестри жайгаштырылган, ал жерден шайлоо комиссияларына (КР БШК, АШК,УШК) берилген даттануулар жана арыздар менен, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен таанышса болот (https://shailoo.gov.kg/kg/registry/).

Окуунун жүрүшүндѳ талапкерлер кызыктарган суроолору боюнча толук жооп алышты.

Негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык 2023-жылдын 18-сентябрынан тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башаталат, ал 2023-жылдын 7-октябрында 8:00 саатта аяктайт.

 

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>